ТЭЦ чырына байланыштуу өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев кызматтан кетип, кылмыш иши козголду эле. Андан бери эки экс-премьер министр, Жогорку Кеңештин депутаты, ондой чиновник камалды. Бирок апасына каттатып койгон «АйМар Энержи» ЖЧКсы аркылуу ТЭЦтин от казандарын оңдоо үчүн 20 миллион сом котортуп алып сиңирип кеткен ишине Момуналиев жооп бербей эркиндикте жүргөнү кызык. Эчак камалчу жигиттин колдоочусу күчтүүбү же өң карама саясат жүрүп жатабы? Сыягы, баскан изи шектүү Нурханбек мырза бийлик менен тил табышып, кылмыш ишин кыскартып алган көрүнөт.. Эгер андай болсо коррупцияга каршы күрөш тууралуу ооз ачыштын өзү күнөө болот го?..
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ