Menu

Алмаз Атамбаевди КСДПдан чыгаруу аракети башталды

Бөлүшүү:

Алты жыл мамлекетти башкарганда тегерегине жалаң шоопур, жансакчы, таразачы, пол жуугуч сыяктуу өзүнүн мурдагы аткошчуларын топтоп алып, майлуу кызматтарга коюп, байлыгыбызды майкандаткан экс-президент А. Атамбаев азыр элге кошула албай, “Ала-Арчадагы” резиденцияга салдырып алган хансарайда “үй камагында” отургандыгы белгилүү. Көрсө, ал карапайым калкка гана эмес, өзүнүн партиялаштарына да жек көрүнүп бүтүптүр. Анткени өткөн жумада КСДПнын Чүйдүн Москва районундагы мүчөлөрү төрагага каршы кезексиз жыйын өткөрүштү. Беловодское айылында “Атамбаевсиз КСДП” деп аталган конференцияга өзүн ушул партиянын өкүлү катары тааныштырган Сагынбек Абдрахманов баштаган 100гө жакын адам катышты. Алар жыйын соңунда бардык аймактарда КСДПнын мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынын өткөрүүнү, төрагалыктан Алмазбек Атамбаевди кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылган резолюция кабыл алышты. Бирок ошол эле күнү КСДПнын штабынан пресс-катчынын оозу менен бул жыйынга болгону 15 партия мүчөлөрү катышып, калган адамдар “массовка” үчүн гана чогулушканын, ал эми С. Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылгандыгын билдирип, алар “акча үчүн баарын сатып жиберүүгө даяр…”,- деген жооп кайтарышты. Кокус ошондой болгон учурда деле Москва районундагы чакан жыйын КСДПнын башка аймактардагы бөлүмдөрү тарабынан колдоо таап, алар деле А. Атамбаевди лидерликтен кетирип, бийликте турганда элге кыянатчылык, мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн жооп берүүгө тийиш деген талап коюп жатышкандыгы тууралуу маалыматтар бизге түшүүдө…

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: