Menu

Зилалиевди сөз кылгандар арбый баштады

Бөлүшүү:

Инаугурация күнү жаш милиция кызга тийишем деп атып ак жеринен соттолуп жүрөт деп көпчүлүк Дүйшөнбек Зилалиевге боор тартышса, кээ бир кишилер чынында эле “заложена бомба” деп коркуткан деп айтышууда. Өзү деле айтып атпайбы, инаугурацияга кечигип катышпай калгандыгын. Маммүлккө дайындалган түнү жаңы ишин майлап арак ичкен имиш. Эртеси күнү так ошол Жээнбеков менен Атамбаев өтчү жолдо “бомба” деп айтканы араң жерден баардык сценарий бузулуп, мамлекеттик бийликти өткөрүп берүү салтанаты токтотулуп, мүнөтүнө чейин такталган жалпы дүйнөлүк коомчулук карап турган улуу улуттук майрамга даярдыктын баары текке кете жаздаптыр. Зилалиевге Атамбаевдин жини ага чейин эле келип турган дешет. Баткенге бара коюп таза шайлоону булгап, бийликтин талапкерин сүрөгөнү аз келгенсип, анын ордуна шайлоо штабына дайындалган Темир Жумакадыров Таласка бараткан жолдо кырсыктан өлгөнүн кечирген эмес дейт Атамбаевдин жанында жүргөндөр. Бирок азыркы “бомба” ишти Абдил Сегизбаев Жээнбековдун санкциясы менен козгогон имиш. Жаңы президент бул жигит өкмөттө тоо кен жана энергетиканы тейлеп жүргөндө, жок дегенде премьер- министр Жээнбековго саламын түз бербей, бүт маселелерди Икрам Илмиянов жана Сапар Исаков аркылуу Атамбаев менен бүтүрүп жүрчү дешет. Лигласс боюнча дагы негизги күнөө бул жигиттин мойнунда дегендер толтура. Кен иштетүү лицензияларды жүздөп жазып берип, Бишкектеги кытайдын жарымынын бизнесинде үлүшү бар дейт Зилалиевдин. “Жардамчым айдап келген Лексус кытайдын менчиги экенин кийин билдим” деп айтканы калп деген сөз жүрүүдө. Бул эл арасында айтылып жаткан сөздөр. Зилалиев өзү булардын баарына чекит коюп, жооп берсе керек.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: