Menu

Конгантиевге баа бериш үчүн Таластагы 6-апрель окуясы да териштирилиши керек

Бөлүшүү:

«Молдомуса Конгантиевге каршы иш туура эмес кыскартылды” деп Азимбек Бекназаров юридикалык жагын айтып чыкса, аны Роза Отунбаева колдоп чыгып “2010-жылкы окуяларды карап чыгышыбыз керек, Конгантиев соттолуш керек болчу” деп узун кат жазып чыкты. Экс-президент катары Роза Отунбаева элдин башын бириктириши керек эле, бирок кайра касташтырганды, муруңку уруштарды кайра чубалтып чыккысы келип атыптыр эжекенин. Эмне демекчибиз. Биздин гезит сегиз жыл бою ушул 2010-жылкы мамлекеттик төңкөрүштүн жана анын кыргыз элине алып келген сансыз кандуу кесепеттеринин тергөөгө алынышын талап кылып келгенбиз. Роза Отунбаева баш болуп, Конгантиев, калгандарын айтпай эле коёлу, баары анда УКМКга барып тергөөнүн суроолоруна жооп беришсин. Отунбаева Атамбаевге мисал көрсөтүп, өзүнүн экс-президенттик статусунан баш тартып, президенттик пенсиясын алууну токтотуп, резиденциядагы дачадан дагы көчүп чыксын. Ошондо анан сүйлөшөбүз! Элдин ынтымагын кайра бузуп, эски ызы-чууларды козгоп, элди бири- бирине каршы коюп, тукурганды элдин 80 миң сомдук айлык пенсиясына жүргүзбөсүн. Керек болсо, Отунбаева Атамбаевге барып кайра кошулуп алышсын, эмне эле бизди коркутушат деген сөздөрдү айткандар көбөйдү? Конгантиевдин ишин адилет караш керек болсо Таластагы 6-апрель кандай жол менен уюштурулганын, Болот Шер ал күнү чын эле милиция тарабынан кармалганбы дегенди неге айтып чыгышпайт? 6-апрелдеги окуяга деле укук баа бериш керек го акыры.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: