Menu

Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши берген арыздарына ылайык Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин жана Матраимов Назымбек Турдалиевичтин өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Мамлекет башчысы бул сунуштарды карап чыгып, Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин, Матраимов Назымбек Турдалиевичтин жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: