Menu

Бельянинов АШАнын үйүнө түнөбөй баса бергени чындыкпы?

Бөлүшүү:

Июлдун башында Атамбаевдин жакын досу делген Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов Кыргызстанга иш сапар менен келип, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, электр коопсуздукту жогорулатуу, өнөр жайды өркүндөтүүнү, жол жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу долбоорлорун талкуулашкан.

Бирок, Бельяниновдун Кыргызстанга келишинин экинчи сыры да бар болгону айтылууда. Атамбаев Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу үчүн орустар менен сүйлөшүп, орустар 37 млн долларды бөлүп берип, иш башталбады беле. Кийин 37 млн кайда кеткени табышмак бойдон калган. “Русгидро” Кыргызстанды эл аралык сотко берүүгө даярданып жатканы маалым болгон. 37 млн долларды алуу үчүн ортомчулук милдетти Бельянинов аткарганы тууралуу сөздөр жөн жеринен чыгып жатпаса керек. Путин ошол акчаны досуң менен өзүң сүйлөшүп кел деп жөнөтүптүр деген маалымат тароодо. Уккан кулакта не айып?

Бизге жеткен маалымат боюнча Бельянинов президент Жээнбеков менен жолугушуп сүйлөшкөн күндүн кечкисин Атамбаевдин Кой-Таштагы жаңы хансарайына барып конок болот. Сөздөн-сөз чыгып, Атамбаев менен Бельянинов катуу айтыша кетип, Москвадан келген конок атайын даярдалган дасторконду таштап, Бишкектеги мейманканарлардын бирине келип түнөйт. Эртеси кечки рейс менен кайта Москвага кетмек экен, Андрей эртең мененки рейске билетин алмаштырып, эрте Москваны көздөй сапар алып кете бериптир.

Эки достун жолугушуусу болгону же болбогону тууралуу кабарды Алмазбек Атамбаевдин катчысы Кундуз Жолдубаева маалымдаса керек. Азыр Путин тараптан кандай реакция болот деп күтүп жаткандар толтура экен.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: