Башкы прокуратура Бажы кызматынын Түндүк-Чыгыш бажы бөлүмүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-315-статьялары (“Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш ишин козгоду. Алар бажы жана бюджеттик мыйзамдарды дайыма бузуп келген. Тагыраагы, эки фирма менен сүйлөшүп алып жасалма документтер аркылуу ташылып келинген товарларга бажы төлөмдөрүн жашырып келишкен. Фискалдык органдардын текшерүүсүнөн он бажы декларациясында товарлар үчүн каражаттар бюджетке түшпөй калганы такталган. Мындай жол менен быйыл апрель айынан июнь айына чейин эле мамлекетке 25 млн. сом зыян келтирилгени аныкталды. Ишти тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Буга чейин Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев жана Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев камакка алынган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ