Көпчүлүк суктанган жылдыздуу түгөйлөр Эрнест жана Чолпонай турмуш жолуна бирге кадам таштап, жумурай журттун батасын алышкан. Алар бал айын Дубайда өткөрүшүп, өмүрлүк жар болууга шерттешишкен. Жыл айланып түгөйлөр наристелүү болуп, кызы там-туң басып калган учуру. Жакында эле түгөйлөр ага-тууган, дос-жарларын чакырып кызынын тушоо тоюн өткөрүштү. Тойдун көркүн кыргыз эстрадасынын көпчүлүк жылдыздары жана “Ак шоола” балдар хору ачышты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ