Menu

Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Бөлүшүү:

Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк» этнофестивалы учурунда бүркүт кол салган сегиз жаштагы кыздын абалы дурус. Бул тууралуу окуяга күбө болгон режиссер Эрнист Абдыжапаров  билдирди.

Ал кызды ооруканага алып барып, дарыгерлер жаракатын тигип, үйүнө жибергенин айтты:

– Бул жерден эч кимди күнөөлөп болбойт. Парад учурунда бүркүтчүлөр куштарды агытып жатканда кыз тыюу салынган жерден капилет чыга калды. Бүркүт ага жаныбарларды тыткандай катуу кол салбаптыр. Азыр абалы жакшы, – деди режиссер.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылында «Тескей жээк» этнофестивалы өтүүдө.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: