Menu

Назарбаев: теңге курсунун кубулушу калктын жашоосуна таасирин тийгизбейт

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 16-июлда Улуттук Банктын төрагасы Данияр Акишевди кабыл алып, валюта-каржы базарында туруктуулукту сактоо жана экономиканы андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү шарттар түзүлгөнүн айтты.

«Биринчи жарым жылдыкта экономика төрт пайыздан ашык өстү. Теңгенин курсун эркин коё берүү – дурус болду. Белгилүү бир деңгээлде туруксуздук болот, буга көнүшүбүз керек. Бул калктын жашоо-турмушуна таасирин тийгизбейт», – деди Нурсултан Назарбаев.

Казак президентинин айтымында, банк системасын колдоо үчүн үч триллион теңге бөлүндү. Назарбаев Улуттук банк төрагасын элдин аманаттарын абийирсиз акционерлердин алдамчы аракеттеринен коргоо үчүн банк секторун кылдат жөнгө салууга чакырды.

Улуттук Банк төрагасы каржы рыногунда негизги көрсөткүчтөр туруктуу экенин билдирди.

«2018-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча инфляциянын жылдык көрсөткүчү 5,9 пайызды түздү. Бул – соңку үч жылдагы эң төмөнкү көрүнүш. Улуттук банк инфляция деңгээлин 2020-жылга карата 4 пайызга чейин төмөндөтүүнү көздөп жатат», – деди Данияр Акишев.

Төрт ай мурун Казакстанда доллардын курсу 318 теңге болгон. Улуттук банктын 16-июлга карата расмий курсу бир АКШ долларына карата 343, 45 теңгени түздү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: