«Азаттыка», Kloop жана OCCRPдын журналисттик иликтөөсүндөгү фактыларды УКМК, ИИМ жана финпол тергөөчүлөрүнөн турган комиссия текшерет. Ошонун негизинде Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да сөзүн угабыз”, – деп Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 25-ноябрда басма сөз жыйынында белгиледи.
Анын айтымында, Р.Матраимов тергөөгө чакырылды.
“Ага кылмыш иши козголгон жок, азыр ээн-эркин жүрө алат. Менин маалыматым боюнча, ал Кыргызстанда”, – деди Д.Сагынбаев.
Эмнеге Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү бир жылдан бери уланып келатканын сурашканда, катчы түшүндүрүп бере албады.
“Текшерүү жөнүндө так маалымат бере албайм, ал аягына чыкканда, Коопсуздук кеңеши же тиешелүү орган өз маалыматын берет”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ