Menu

Өзбек телеканалы бир нече диний берүүнү көрсөтүүнү токтотту

Бөлүшүү:

25-июндан тарта Өзбекстандагы «Маданият ва маърифат» телеканалы бери дегенде эле алты диний берүүнү көрсөтүүнү токтотту.

Маалыматка караганда, алардын арасында быйыл марттан бери ар шаршемби сайын эфирге чыгып келген «Қуръони каримни ўрганамиз» («Курани каримди үйрөнөбүз») берүүсү да бар. Аны менен катар программанын акыркы бир нече чыгарылышы дагы Youtube порталынан өчүрүлгөн.

Бул көрүнүш социалдык түйүндөрдүн өзбекстандык колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратты.

«Маданият ва маърифат» телеканалынын өкүлдөрү жетекчиликке жогору жактан эфирге диний мүнөздөгү берүүлөрдү чыгарбоо жана дин адамдарын көрсөтпөө буйругу келгенин билдиришти. «Бизде диний берүүлөрдү көрсөтүү токтотулду, биз эфирге сакалдуу кишилерди чыгарбай калдык. Эми имамдар телеберүүлөргө чакырылбайт», — деди телеканалдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

Бирок өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясы диний берүүлөр аларга бөлүнгөн убакыт аяктагандыгы үчүн токтотулганын билдирди. «Алар атайын бөлүнгөн убакыт аяктагандыгы үчүн токтотулду. Планга ылайык, ал берүүлөрдүн бардыгы тең циклдүү болчу. Алгач диний берүүлөр «Өзбекстан» телеканалында чыгып келген болсо, азыр «Маданият ва маърифат» телеканалынан чыгып жатат», – деди компаниянын өкүлү.

Бирок өзбек телеберүүсүндө иштеген журналисттердин бири диний берүүлөрдү токтотуу буйругун президенттин мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов бергенин айтууда.

– Жакында эле өзбек журналисттеринен турган топ Кытайда болуп кайткан. «Ахборот» маалыматтык берүүсүнүн кызматкерлери жети репортаж жөнөткөн, бирок алардын бешөөсү эфирден кеткен жок. Анткени интервью берген адамдардын арасында сакалчан киши бар экен, – деди журналист.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: