Menu

Бурулайдын өлүмү: шектүү кызды кандайча өлтүргөнүн эстей албай жатат

Бөлүшүү:

Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө шектүү жаран күнөөсүн толук моюнуна албай жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин башчысы Жыпар Исакбаев маалымат жыйынында билдирди.

“Ал кызды ала качканын гана моюнуна алды. Калганын эстей албай жаткан имиш. Шектүү кызды уурдап качканын эстейт дагы, аны кантип өлтүргөнүн эстей албаганын айтууда. Андан улам ага психиатриялык экспертиза дайындалды. Жыйынтыгында, шектүүнүн акыл-эси ордунда деп табылды”,- деди Исакбаев.

20 жаштагы Бурулай Турдалиева Жайыл райондук милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Сыртындан-тааныш болуп жүргөн жигит ала качып баратканда, алдын ала берилген маадыматтардан улам Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери автоунааны токтотуп, аларды милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ошол жерде милиция кызматкерлеринин айтымында, саналуу убакта жигит кызга бычак менен кол салып, кыз алган жараатынан каза тапкан. Бирок, маркумдун жакындарынын божомолунда, окуя такыр башка өңүттө болушу ыктымал. Атасы кызынын көкүрөгүнө “Н+Б” деп бычак менен жазылган жазуу бардыгын айтып, саналуу убакта мындай иш болушу мүмкүн эместигине күмөн санайт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ министрине Бурулайдын атасына барып жолугуп, анын арыз-жүйөсүн угууну тапшырды. Ошондой эле, өкмөт башчы бул иш анын көзөмөлүндө экенин белгилеп, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздын өлүмүнө себепкер болгондор толугу менен жазасын алышаарын билдирди.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: