Menu

Сагынбек Абдрахманов: Каражат жагы чечилсе КСДПны тартып алуу оңой эле…

Бөлүшүү:

– Сагынбек мырза, экс-президент Атамбаевди КСДПдан кууп чыгууга шымалана киришип, аябай активдешип жатасыз го? Алмазбек мырзага ичкүптүсү бар, андан өч алууну каалагандар сизди ал кишиге каршы тукуруп, көкүтүп жатышкан жокпу?

– Андай эмес. Биз партияда идея үчүн жүргөнбүз. Эски партиялаштар буга чейин эле партиянын ичин тазалоо тууралуу ой-пикирлерибизди ачык айтып жүрбөдүк беле? Анан калса бизди экс-президентке каршы эч ким тукура албайт. Биздин өзүбүздүн пикирибиз, тандап алган позициябыз бар да. Сокулук, Москва райондорунда өткөргөн жыйыныбызды эски партиялаштарыбыз колдоп, өткөрүп алдык. Биз өзүбүздүн мындай кадамдарыбыз менен коомчулуктан кадимкидей колдоо алып жатабыз.

– Алмазбек Шаршеновичтин кыял-жоругун өзүңүз жакшы билесиз да. Өздүк партиясынан сыртка сүрүп, ага акараат келтирүү менен ал кишиден бирди көрүп калбайсызбы? Жашыңыз улгайып баратканда жөн эле жүрсөңүз болбойт беле? Алыңызга карап иш кылып жатасызбы?

– Биздин айрым активдүү жарандарыбыз менен мурунку партиялаштарыбыз менин соңку кадамдарымдан кийин «Сагынбек, ажыдаардын куйругун тебелеп алдың, сак бол» деп жатышат. Мен мындайлардан корккон деле жокмун. Ал киши бирөөнү жалдап же коркутпайт деле го. Бүгүн Атамбаевди жаман көргөндөр толтура да.

– Сиздердин азыркыдай кадамдарыңызды учурдагы бийлик жетекчилиги кандай кабылдап жатышат?

– Биз бүгүнкү бийлик менен азыркыдай кадамдарыбызды бетке кармап, ачык сүйлөшүп, эч кандай соодалашкан жокпуз. Мындан аркы кадамдарыбыз – буга чейин көтөрүп чыккан «Атамбаевсиз КСДП!» деген лозунгубузду бүгүнкү күндө карапайым адамдар аябай колдоп жатышкандыктан, аны улантуу. Таластагы, Оштогу биздин тарапташтар мындай идеяларыбызды колдоорун билдирип жатышат. Бизде болгону каражат жагы гана жетишсиз болгону менен мындан аркы уюштуруу иштерибизди абдан жакшы уланта беребиз. Буюрса каражат жагы чечилсе КСДПны тартып алуу оңой эле…

Канжар Борпошов

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: