Menu

Самарканддагы мыйзамсыз курулуштар боюнча 28 компаниянын башчысы суракка алынууда

Бөлүшүү:

Самаркандын «Регистан» аянтындагы милиция кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда Самарканд облусунун башчысы кармалгандан кийинки беш күндүн ичинде 28 курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Учурда алар сурак берип жатышат. Андан тышкары дагы ондогон компания башчылары өлкөлдөн чыгып кеткени айтылууда.

– Көп кабаттуу үйдөрдү курууга уруксат алуу үчүн Самарканд облусунун мурдагы башчысы Туроб Жураевге пара берген 28 курулуш компаниясынын жетекчиси сурак берип жатат. Жураевдин капиталдык курулуш боюнча орун басары Уткир Абдуллаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Ал азыр суракка үйүнөн келип жатат. Азырынча жумушка чыга элек», — деп билдирди жергиликтүү чиновниктердин бири.

Анын айтымында, мындан тышкары учурда Самарканддагы ЮНЕСКОнун коргоосундагы аймактарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берген ондогон мурдагы чиновниктер дагы сурак берүүдө.

– Алардын айынан Самарканддагы байыркы тарыхый жана маданий эстеликтер бузулган. Шаар туристтер үчүн кызыгын жоготуп кое жаздаган. Алар туристтердин Самаркандга заманбап имараттарды эмес, тарыхый эстеликтерди көрүүгө келээрин ойлошкон эмес, – деди ал.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын билдиришинче, текшерүү иштеринин жүрүшүндө 3 миң 458 жалган компания аныкталган.

«Ал компаниялардын көбүнүн банк эсептери да болгон эмес. Алар акчанын изин жашыруу үчүн гана түзүлгөн. Басымдуу бөлүгү курулуш компаниялары. Азыр ондон ашык компаниянын башчысы эс алууга деп чет өлкөлөргө кетиптир, аларга чакыруу жөнөттүк. Кылмыш иштин материалдарында Жураевге дал ошол адамдар акча бергендиги тууралуу көрсөтмөлөр бар. Кармоо маалында чиновниктин сейфинен бир миллион долларга жакын акча табылган. Жураев курулуш компаниялардан пара алганын моюнуна алды», – деп билдирди укук коргоо органында иштеген кызматкерлердин бири.

Ал ортодо Туроб Жураевдин 10-июлдан бери камакта жаткан тууганы мурдагы облус башчысы кант диабети менен жабыркаганына карабастан, абдан оор шарттарда суракка алынып жатканын билдирүүдө. «Ага буга чейин ичип жүргөн дарыларын бербей жатышат. Сурактардан улам ал алсырап калды. Тергөөчү адвокатка айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алганын айтты. Алар бул көрсөтмөлөрдү алуу үчүн аны моралдык жактан сындырышты», – деди чинониктин тууганы.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: