Menu

Моника Беллучи, актриса: “Сүйүүсүз төшөк кумарына барбайм”

Бөлүшүү:

Жашы элүүдөн өткөн Мониканын сымбат сыры анын генинде эмес, жашоого болгон көз карашында экени белгилүү. Италиялык актриса Paris Match журналына жылаңач тартылып, элүү жаштан кийинки секс тууралуу айтып берди.

Дүйнөнүн эң сулуу айымдарынын бири Моника 30-сентябрда 52 жашка толот.Туулган күнүнө чейин ажарлуу айым жылаңачтанып бассейнде фотосессия жасады. Аялга жаш курак өзүн жагымдуу жана сексуалдуу сезүүгө тоскоолдук жаратпастыгын ал нечен жолу далилдеди. Paris Match журналына берген маегинде сүйүүгө жана мамиле курууга болгон көз карашы менен да бөлүштү.

Моника сезим болбосо эркектер менен мамиле курбайт жана төшөк кумарына батпайт. Убакыттын өтүшү менен эркектерге кылдат көңүл коюп баштаганын айтат. Анын жакын адамы сүйүүнүн бир гана дене жакындыгына эмес, акыл-эс жагына да кызыгышы керектигин жашырбайт. Төмөндө Мониканын сүйүү жана сулуулук тууралуу элге кеңири тарап кеткен бир тамчы сөздөрүн топтодук.

22

20 жашта сулуу болуу – бул табийгый нерсе. Бирок сиз 35 жана 45 жашыңызда сулуу болсоңуз – бул жашоо позициясы.

Жаш өткөн сайын каалоо өчпөйт. Жаштыкта каалообуз гормоналдык деңгээлде бизди башкарса, убакыттын өтүшү менен секске олуттуу мамиле жасай баштайбыз. Бирок анын ырахаты мурдагыдай эле күчтүү болот.

Эч качан кайрадан жыйырма жашта болууну каалабайм. Азыр мен көбүрөөк бактылуумун. Жаш куракта биз өзүбүздү жаңыдан тааный баштайбыз да. Өзүбүздү түшүнүүгө, жашоодо ким болорубузду билүүгө ашыгабыз, ишенимдин аздыгынан кыйналабыз. Учурда мага эмне керектигин жана эмнесиз жашай албагандыгымды так билем.

Төшөк оюндарынан кийин эркек уктайт, аял болуп өткөнгө назар салат.

Эркектер бийликти аялдын жардамы менен кармап калууга аракеттенишет. Алар өзүнө тың бийкечтерден коркушат. Өздөрүн кыйын сезиш үчүн жаш, жетиле элек кыздарды тандашат.

Аял эч качан кетпегендей сүйө алат. Бирок бир күнү эч качан сүйбөгөндөй кете алат.

Аялдын сулуулугу эки учурда гана көйгөй жаратышы мүмкүн: ал жок болгондо жана андан башка эч нерсе жок болгондо.

Мен ар дайым жаш кыздарга “өзүңөрдүн денеңерди сүйгөндү үйрөнгүлө” деп айтам. Анткени идеалдуу дене болбойт. Жөн гана кандай болсоң, өзүңдү ошондой кабыл алууну үйрөнүү керек.

Элдер адамдын акылын, талантын баалап көрө алышы мүмкүн, бирок сулуулукту көрө алышпайт.

Мен жалгыз калганда өзүмдү жакшы сезем. Бирок сулуу болгонум үчүн эмес. Мен көптөгөн бактысыз сулуу адамдарды тааныйм. Алар жалгыз болгондо абдан кыйналышат. Ички жайлуулук сырткы келбетиңден көз каранды эмес.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: