Menu

Кожоке “арзандап” кеткенби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев «Ачык саясат» гезитин сотко бериптир. «Аброюма шек келтирди» деген жүйөө менен. Аталган гезит эмне деп жазганын билбейбиз, бирок, ММКлар менен соттошом деген саясатчы абийир таппай турганын жакшы билебиз. Биздин коомдо мындай көрүнүш байма-бай катталып турат. Сындалган саясатчылар кайра жооп бергендин ордуна сотко чуркашат. Арзыбаган абройлорун миллиондогон сомго баалашып. Бул жолу Кожоке аброюн 1 миллион сомго баалаптыр. Биз ойлогонбуз 2 чакырылышка депутат болгон бакандай депутаттын баасы бери дегенде эле 10-15 миллион сом болсо керек деп. Биз жаңылышыптырбыз, көрсө Жайчыбекович «арзандап» кетиптир. Турган турпаты менен 1 эле миллион турат экен. Өл-лө арзан экен, эй! Кандай болгон күндө дагы өзүнүн аброю канча тураарын билген депутатка бали. Болбосо өзүнүн канча тураарын билбей эле күпүлдөп жүрүшпөйбү…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: