Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Аппаратынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана башка бир катар актуалдуу темалар талкууланды.

«Боордош Казакстан менен стратегиялык мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-казак мамилелери талаптагыдай деңгээлде өнүгүп келе жаткандыгын белгилөө зарыл, саясий-экономикалык диалог активдүү жүргүзүлүп жатат, баардык деңгээлдерде байланыштар түзүлүүдө, алар сөзсүз түрдө мазмундуу эки тараптуу өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушул жылы өлкөлөрүбүздүн Президенттери эки жолу жолугушту, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүү, достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти. Бүгүн сиз Кыргызстанга расмий сапар менен келип жатасыз, ошондой эле ушул мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен биз Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүп жатабыз. Биз өзүбүздүн алдыбызга ири максаттарды коюп жатабыз – эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин илгерилетүүнү камсыздоо», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз учурунда Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин Казакстан Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Биз ЕАЭБ алкагында ар тараптуу иш жүргүзүп келгенбиз. Бул кызматташуунун бардык аспектилери эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө да багытталган, – деди Аскар Мамин. – Бүгүнкү өтүп жаткан Өкмөт аралык кеңеш да биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин биргелешип иштеп чыгуу толук мүмкүнчүлүк бар. Өткөн жылы биз соода жүгүртүүнү өсүш менен аяктадык, ошол эле учурда, бул үчүн толук мүмкүнчүлүктү колдонбой жатабыз. Ошондуктан биз тиешелүү маселелерди карап чыгууга даярбыз. Казакстан биздин күн тартибиндеги бардык маселелерди чечүүгө даяр. Бүгүнкү жыйын өкмөттөр тарабынан коюлган эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет жана Өкмөттүн алдында коюлган тапшырма – кыска мөөнөттүн ичинде соода жүгүртүүнү жок дегенде 1 млрд долларга жеткирүү. Бул ишке ашырыла турган маселе деп ойлойм», – деди Аскар Мамин.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: