Урматтуу Мухамедкалый Дүйшөкеевич, сизге суроо бар. Сиз канча убакыт премьер министрликте отурам деп пландап жатасыз? Ушул Кудайым берген мүмкүнчүлүктүү элиңер, мамлекетиңер үчүн колдонуп калуу планыңызда барбы же тымызын бир жыл отуруп кете берүүнү пландап жатасызбы? Мына кечээ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү кеңештин төрагалары Бишкекте чогулуп, региондорду өнүктүрүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатканын талкуулашты.
Өкмөт тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси гана катышты. Калган мамлекеттик бийликтин жетекчилеринен эч ким жок.
Ушундай иш чараларга жергиликтүү бийликке тиешелүү бардык мамлекеттик органдар катышып, маселелерди биргелешип чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатса, баягы эле кайдыгер мамилени көрсөтүп койдуңар.
Бүгүн болбосо качан? Сиз болбосоңуз ким?
Рита Карасартова, укук коргоочу
(фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды)
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ