Бүгүн, 21-июлда социалдык тармактарда Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун аны камоого алуунун алдында бийликке каршылык көрсөтүү аракеттери деген видеотасма тарады. Анда чын эле Албек Ибраимовдун үнү менен каршылык көрсөтөрүн, снайперлери менен келгендерди аттырып таштарын айткан коркутуулар жашыруун жазылып алынган:
“Бара турган деле жерим жок, андан көрө ошол жерден качып жүрүп тиги өлүп калганым мага честь . Человека убить, чем 20 лет сидеть за коррупцию. За убийство меньше получишь . Мен ушунча жылдан бери, бая күнтөн бери эшек такалап жүрөт дейсиңби? Мага кепилдик, только доказательство и только эл. Булар деген ээ только күч менен элден коркот. Мен өзүм обязательно тээтиги вышканын үстүң көрдүңбү? Коюп коём снайперди бл..дь, басып таштайм нах… энеңди… си…” – деген.
КР УКМК ага чейин Албек Ибраимов суракка чакырылганына карабай келбей жатканын жана аны күч менен кармаша турган болсо куралдуу каршылык көрсөтөрүн айтып коркутуп жатканын билдирген.
19-июль күнү УКМК 30дай атайын күчтөрдүн жоокерлери менен барып, Албек Ибраимовду үйүнөн кармап кеткен.
Булак: Кyrgyztoday.кg
Видеону Ютубга жүктөгөн: Маалымат.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ