Ишемби күнү, 21-июлда КР УКМКнын Башкы тергөө бөлүмү шаардагы жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга бөлүп берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголуп, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303 (1-б.) -коррупция беренеси боюнча айып такты. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Тергөө аныктагандай, Албек Ибраимов өзүнүн бийликтеги кызматтык абалынан пайдаланып, пайда көрүү негизинде Бишкек шаарынын Түштүк аймагындагы муниципиалдык жерлерди мыйзамсыз бөлүп-чыгарып сатуу максатында мэриянын башка жооптуу кызматкерлери менен бирдикте кылмыштуу схема түзүп, уюштурган. Алгач жер участокторун өздөрүнө караштуу (афирирленген) кишилерге катташып, кийин башка кызыкдар кишилерге кайра бир нече эселеп, кымбат сатуу менен өзгөчө ири көлөмдөгү акчалай пайда көрүп турушкан.
Албек Ибраимов КР УКМКнын тергөө абагына 19-июлда камалган. Тергөө-иликтөө иштери дагы улантылууда.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ