Жалаң эски эрендерден куралган, бир нечесине кылмыш иши козголуп, ал үчүн айрымы депутаттык манданттан айрылып, дагы бир нечесине дале кылмыш иши илинип турган, Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясына жаңы депутат келээри аныкталып калды. Анысы, Эрмамат Тагаев деген дагы бир эрен. Ал, «качып кетти, житип кетти» деген «даңазалуу» Аскарбек Шадиевдин ордуна келет.
Юстиция министирлигинин сайтында илинип турган маалыматтарга таянсак Тагаев Эрмамат «Исфайрам ЛТД» аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун ээлеринин бири болот. Ал «лтд» кум жана графий казуу менен алектенет экен…
Булак: Айгай Пресс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ