Эсиңерде болсо, БШКны Туйгунаалы Абдраимов жетектеп турганда журналисттер журтчулугунан качпай, кандай кырдаал болбосун шартылдаган жүрүшү менен коомчулукка так, ачык маалыматтарды берип турар эле. Азыркы президенттик аппараттан түшкөн Нуржан Шайлдабекова журналисттерден жаа бою качып, 4-бийлик өкүлдөрүн теңсинбегендей образда жүргөнү кандай? Тегерек-четиндеги катчы-чоорчулары да анын мындай мүнөзүнөн кабардар болуп калышканбы, «аа» деп ооз ача электе «төрайым бошобойт» таризинде «бурк» эткенге көнүшүптүр. Сыртта жергиликтүү жана айрым шаардык кеңештердин шайлоосу толук бүтпөй, андагы айрым мыйзам бузуулар, алдыдагы президенттик шайлоонун так датасы аныкталбай жаткан шартта Шайлдабекованын коомчулукка чыкпай, эрке кыздай чоёктой созулуп, журналисттерден жашынганы жакшы жышаан эмес го? Жетекчи болуп, жоопкерчиликти алган соң калемгерлерге орун басарларын «салып бербей», жооп бербейби? Ушундай жетекчилер турганда президенттик шайлоонун адал өтүшүнө анан кандай ишеним болсун?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ