Menu

Өзбекстанда беш жаштагы небересин зордуктоого шектелген адамдын ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы беш жаштагы небересин зордуктоого шектелип жаткан Сырдарыя облусунун тургунуна козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мекеме башчысынын орун басары Светлана Артыкова билдирди.

Анын айтымында, бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Зордукталды делген кыз психолог менен сүйлөшүп, ал кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганын ырастаган.

13-декабрда кыздын чон атасына каршы «Жашы жете элек кызга карата бузукулук аракеттерге баруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сырдарыя облустук прокуратурасынын кызматкери шектүү аймактан чыкпоо тууралуу тилкат жазып бергенин, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Шектүүнүн туугандары ал «кылганына өкүнүп, декабрь айында бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылганын» билдиришти.

Мурдараак социалдык түйүндөргө кайын атасы мас абалында беш жаштагы кызын зордуктаганын айткан келиндин видеосу жарыяланган. Анын билдиришинче, окуя быйыл октябрдын ортосунда болгон.

«Мурдагы күйөөм кызымды атасы менен калтырган экен. Ал мас болуп алып кичинекей кызды зордуктаптыр. Бул жөнүндө күйөөмдүн туугандарынын бирөө айтты. Анда зордуктоо учуру тартылган видео да бар экен. Кайын атама карата чара көрүүңүздөрдү өтүнөм», — деген келин.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: