Menu

2+2 канча? – сиз канча десеңиз ошончо. 2+2=5 – биз да ошентип ойлогонбуз

Бөлүшүү:

Убагында Албек Ибраимовду мэрлик кызматка дайындоодо «укмуш», «сонун» «жарайт» деген маанайдагы жалындуу сөздөр айтышып, шаардык кеңештин депутаттары анын талапкерлигин «жата калып» бир добуштан колдоп берген. Ортодо бийлик алмашып, кийин ага негедир ишеним көрсөтпөө маселеси жаралганда да баягыдай эле «хор», (бирок тескери өңүттө) «ырдалып», баары жапырт “макул” деп добуштарын берди. Хамалеон деген жандык булардын чаңында эле калды? Ушул «спектакльден» кийин шаардык кеңештин ишмердүүлүгү, алардын моралдык-нравалык ченеми, эл алдындагы кадыр-баркы туурасында социалдык тармактарда өзүнчө эле шум! Далайы аларды өз позициясы жок, саясий күчтөрдүн буйруктарын аткаруучу топ катары баалап жатышат. Ошондой ойлордун бир-экөөсүнө ортоктош болуп көрүңүз. Алардын бири, жарандык активист Мавлян Аскарбеков шаардык кеңешти таркатуу демилгесин көтөрүп чыкты:

– Шаардык кеңешке “Авангард стиль”, “Имарат строй”, “Бишкек курулуш” деген сыяктуу чала курулушчу, чала бизнесмендердин, саясатчылардын балдарына, неберелерине чейин кирип алышкан. Мен жаңы бийликке сунуш кылып келатам. Тез аранын ичинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип, 2019-жылы Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештериндеги депутатгарды таркатыш керек. Себеби, борбордун жана экинчи борбордун маселелерин ушундай адамдар чечип жатышат. Депутаттардын ишине ичи чыкпаган даты бир жарандык активист Калича Умуралиева «шаардык кеңеш өз кызыкчылыгын көздөгөн ишкерлер чогулган гана орган болуп калды» дейт. – Бул кеңештин курамы бизге жакпайт. Курулуш компанияларынын ээлери көп. Шайлоо учурунда эле айтып чыкканбыз, “бул кызыктай эле шоу болуп атат” деп. Сексен пайызы эч нерсеге түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбеген депутаттар отурат. Алар бизнесмендер болгон үчүн бийликтен көз каранды кишилер…

А чынында эле…

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунда бирин-экин аты белгисиз жөнөкөй кызматкерлер гана болбосо, көпчүлүгү курулуш компанияларынын жетекчилери, ишкерлер жана саясатчылардын туугандары. Алардын арасынан элге белгилүү болгон айрымдарына токтолуп кетсек. Бишкек шаардык кеңешинде «эң жаш депутат» аталган 24 жаштагы Темирлан Токобеков – Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Темирлан Токобеков жөнүндө Интернетте дээрлик маалымат жок.

Булак: “Айгай-пресс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: