Menu

Душанбелик кыз-келиндер көчөдөгү эркектердин оройлугуна даттанышууда

Бөлүшүү:

Шахло Иброхимова.

Душанбеде жашаган кыз-келиндер тобу көчөдөгү эркектердин орой мамилесинен жана мазактоо сөздөрүнөн коргоо өтүнүчү менен борбордун мэрине кайрылышты.

50дөн ашык кыз-келин тараптан калаа башчысы Рустами Эмомалиге мындай кайрылуу болгонун мэриядан ырасташты. Мекемеден билдиришкендей, бул маселе эми шаар акимчилигинин жыйынында талкууланат.

«Биз күн сайын ушундай мамилеге туш болобуз. Эркектердин жийиркеничтүү, уят-сыйытты билбеген көз караштарынан тажадык», – деп билдирди Шахло аттуу шаар тургуну.

Анын айтымында, айрым эркектердин орой мамилесинен аялдын кош бойлуулугу же жанында жолдошунун бар экендиги дагы куткарбайт. «Бир жолу жаш жигит күйөөмдүн көзүнчө мага тийишип өттү. Бул жолдошума жакпай, алардын ортосунда жаңжал чыккан. Жыйынтыгында милиция берки орой кишини эмес, күйөөмдү кармап кеткен», — деди Шахло.

Душанбелик аялдар шаардагы эркектердин орой мамилесинен коргоо өтүнүчү менен калаа башчысына алгачкы жолу кайрылып жатышат.

Бирок «Химоя» («Коргоо») деп аталган юридикалык кеңеш берүү уюмунун башчысы Навруз Одинаев эркектерди жогорудагыдай аракеттери үчүн жазалоо дээрлик мүмкүн эмес экенин билдирүүдө. «Мыйзамга ылайык, адамды бейбаштык үчүн, кемсинткендиги же ыдык көрсөткөндүгү үчүн жазалоого болот. Мыйзамда уятсыз жүрүш-туруш үчүн жаза каралган эмес», — деди ал.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: