Menu

ИИМ: Москвада балдарды барымтага алган кылмышкерлер Кыргызстандын жарандары деген маалымат такталган жок

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-июль күнү “Акипресс” маалыматтык агенттиги “360” телеканалына шилтеме берүү менен “Кыргызстандын жарандары Москвадагы Симонов валынын 26-үйүнүн 4-дарегинде жашы жете элек балдарды барымтага алышты. Москва полициясы батирди курчоого алышып, барымтадагыларды бошотушту” деген материал жарык көргөн. Бирок ал маалымат тастыкталган жок, деп билдирет КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүү.

“Жогорудагы маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы Даниловский району боюнча бөлүмүнүн аймактык түзүмүнүн жетекчилиги менен жолуккан. Жолугушуу учурунда аталган кылмыш иши Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан жасалгандыгы аныкталды. Ошондой эле, 22-июль күнү Москва шаарындагы Симонов валынын 26-үйүнүн, 4- дарегинде Өзбекстан Республикасынын 1993-жылы туулган Ю.У. аттуу жараны (аял киши) убактылуу жашап жүргөн жана өзүнүн эки курбусу менен үйүндө отурган кезде болжол менен 23:00 чамасында батирге эки жаран кирип келишип, бычак менен коркутушуп, акча каражатын, баалуу зергер буюмдарын жана телефонун талап кылышкан. Белгисиз жарандар мас абалында болгондуктан мүмкүнчүлүктү пайдаланышып, 1993-жылы туулган Ю.У. аттуу жаран (аял киши) өзүнүн эки курбусу менен эшикке качып чыгышкан. Белгисиз адамдар эшикти бекитип алышып, байланышка чыгышкан эмес жана Ю.У. аттуу жаран үйдө 5, 7 жаштардагы жашы жете элек балдар бар экендигин билдирген. 03:30 чамасында ТЧКАОнун кызматкерлери батирдин эшигин ачышып, Өзбекстан Республикасынын 1990-жылы туулган А.А. жана мурда Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 41-бөлүмү (уурдоо) менен соттолгон 1989-жылы туулган З.М. аттуу жарандары кармашкан.

Жашы жете электерди барымтага алган кылмышкерлер Кыргызстандын жарандары деген маалымат такталган жок”, – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: