Түркмөнстан түндүгүндөгү Дашөгүз облусундагы базарлардан ашхабаддык текшерүүчүлөр кеткенден кийин жергиликтүү сатуучулар азык-түлүктүн баасын кайрадан көтөрүштү.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен билдиргендей, бийлик жергиликтүү базарлардагы бааны 15-30 пайызга төмөндөтүүнү талап кылган.
“Ашхабаддан текшерүүчүлөр келип, товарларды арзан сатууга мажбурлагандан кийин биз чыгашага учурадык. Эми ошол чыгашаларды жабуу үчүн бааларды жогорулатууга аргасыз болуп жатабыз”, – деди соодагерлердин бири.
Бул арада өз булактар “көмүскө базарда” доллардын курсу көтөрүлгөнүн белгилешүүдө.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ