Худжандда пахтаны кайра иштетүүчү «Ресандаи Точикистон РБТ» ишканасынын башчысы Бахром Махмаджонов кармалды. Бул объект 2015-жылы ишке берилип, ачылыш аземине өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон катышкан.
Бахром Махмаджоновго кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.
Түрк компаниясы «Ресандаи Точикистон РБТ» пахта жеткирүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарбаганын билдирди. “Жети ай бою биз компания жетекчилигине үзгүлтүксүз кайрылып, жүк жөнөтүүнү же акчабызды кайтарууну сурадык. Тажикстандан пахта сатып алуу үчүн биз акчаны банктан алганбыз. Бирок компания милдеттенмелерин аткарган жок. Биз облустук прокуратурага кайрылууга аргасыз болдук”,- деди түрк компаниясынын өкүлү.
Бул арада германиялык Lanatex компаниясы дагы «Ресандаи Точикистон РБТ» ишканасына 60 миң доллар которгонун, бирок пахта ала албай жатканын билдиришти. “Биз Тажикстан менен кызматташуудан баш тартып, өзбек өндүрүүчүлөрү менен иштешүүнү сунуштадык”, -деди компания өкүлдөрү.
«Ресандаи Точикистон РБТ» ишанасынын негиздөөчүсү Равзанабону Неъматуллоева түрк компаниясына 58 миң долларга пахтаны убагында жөнөтө албай калышканын тастыктады. Анын айтымында, жайында пахтанын баасы көтөрүлүп кеткен.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ