Menu

Баткенде иш таштаган жолчуларга айлык төлөө графиги түзүлдү

Бөлүшүү:

Баткенде бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткан жол куруучуларга айлык акы 30-июлда төлөнө баштайт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-июлда Үч-Коргон айылында министр Жамшитбек Калиловдун жана Ислам өнүктүрүү банкынын Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Эркинбек Осоевдин катышуусунда жыйын өткөрүлгөн. Анда жалдануучу “Алке Иншаат” (Азербайжан) компаниясынын менежерине эмгек акыдагы карыздарды тез арада жоюу боюнча тапшырма берилген. Жалдануучу карыздарды жоюу графиги түзүлгөнүн, 25-июлда Баку шаарынан акча которуларын жана 30-июлдан тартып төлөмдөр башталарын билдирди.

Баткенде жол куруучу ишкананын 40тай жумушчусу иш таштаганын, бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткандыктан ушундай кадамга барганын “Азаттыкка” айдоочу Алыбек Пазылов 25-июлда билдирген.

Министрликтин маалыматына караганда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо долбоорун Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 21 млн. доллар бөлүүгө убада берген.

2017-жылдын 11-майында Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» (Азербайжан) компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18 млн. долларлык келишимге кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: