Menu

Ысык-Көлүбүздөн айрылып калуу коркунучу бар

Бөлүшүү:

Баарыбыз Ысык-Көлдү сүйөбүз. Көлдү пайдаланып акча тапканды жакшы көрөбүз. Айрыкча аткаминерлердин кымбат баалуу пансионаттары айтып бүткүс. Бирок көлдүн азыркы экологиялык абалына кызыккан адам барбы? Жылдан жылга көлүбүз булганыч тартып, киргилденип, кашкайган тунуктугу жоголуп, сасып барат. Анан дагы көлдүн температурасы жылыганычы? Буга балким баягы эле Кумтөрдөгү жардыруулар, цианиддин залалы себепкердир. Эс алуучу жайлардын баарына таштандылар толгон. Таштандыларды тазалоо жана жок кылуу жакшы жолго коюлбаган. Бала кезинен бери көлүнүн кандай абалда экенин жакшы билген, киргилденип бараткан бүгүнкү абалына кейиген Жети-Өгүз районунун, Кайнар айылынын тургуну Талант Хасаналиев агабыз төмөндөгүлөргө токтолду.

Союз убагында көлүбүздө 30дан ашык балыктын түрү болгон

– 80-жылдары көлүбүздө отуздан ашык балыктын түрлөрү болгон. Көлдүн жээгине эле кайырмакты таштап коюп, балыкты сузуп алчубуз. Чөп жеген балыктар айрыкча көп болгон: сазан, судак, чувак, линек, карп ж.б. түрдүү балыктар. Судакты негизи кийин коё беришкен. «Чала жан балыктарды жеп, жан багат» деген ойдо болушкан. Бирок, андай болуп чыккан жок. Бул судак өзүнүн көлөмүнө жараша азык жейт. Ал бир кил көлөмдө болсо, бир суткада ошончо азык жейт. Азыр көлдүн кунары качты. Жээгинде көпкө дейре отурсаң да ак чардак учканын көрбөйсүң. Көлдө балык жоктугунан ак чардактар да жок болду.

Көлдүн температурасы жылып баратат

– Көл жылып кеткен. Мурда январь айында көлдүн температурасы 12-13 градус болсо, азыр 14-15 градус жылуу. Мурда тор салып жоготуп жиберсең, эртеси күнү тапсаң деле тордогу балык тирүү бойдон калчу. Азыркы салган торлордо эртеси күнкүгө калган балыктар өлүп, бузула баштайт. Мунун себеби, суунун жылуу болушу. Көл эмнеге тоңбойт? Көлгө астынан артезиан жылуу суусу кошулуп турат. Жер титиредиби же дагы башка бир нерсе болдубу, көл акырындап жылый баштайт. Көлдүн ичиндеги балыктын аздыгынан көлдүн тунуктугу жоголду. Балык өз бакалоору менен баарын тазалап турчу. Тээ 1980-жылдары Орусиянын Екатеринбург шаарынан келген 15-20 конокторду тостум. Алар жээкке туруп алып эле таң калышты. Суунун тунуктугунан  түрдүү таштарды, ак-кара таштарды терип, даана көрүнгөнүнө аябай суктанышкан эле.

Балык бакалоору аркылуу сууну тазалай турганын айтпадымбы. Сууда балык канчалык аз болсо, суу булганыч болуп, оорулар да көп жугат. Көлгө түшүүгө мумкүнчүлүк жоголот. Мамлекет ушул акыбалда көлдү карабаса, кайдыгер мамиле жасай берсе, 7 көлүбүздөн айрылабыз. Адамдар өзүнө өзү «төрт-беш жыл балык кармабайм» деп сөз берип,  балык кармабай койсо, азыркы балыктар икрасын чачып, көл калыбына келет.

Баңгизатка тыюу салгандай эле кытай торлоруна тыюу салуу зарыл

– Кумтөрдө эки маал жардыруу болот. Балким мунун залалы тийип жаткандыр. Эми муну далилдеш керек. Кытай торлорунун залакасы көп. Алар болгон экологиялык байлыктарды талкалап жатышат. Бул тор менен кекилик, куштарды кармап жатышат. Кытайдын тору чирибейт дагы экен. Торлорду алып кирүүгө тыюу салыш керек. Кадимки баңгизаттарга тыюу салгандай эле кытайдын торлоруна тыюу салуу зарыл. Өлкөбүздөгү болгон көлдөрүбүздү тор талкалап жатат. Ал торлордун бийиктиги 10 метр, узундугу 100 метр. Аркы бетке чейин 2 километр болсо, 10 эле тор жаап коёт. Тордун баасы да арзан. Бир кармаганда эле тордун баасын актап коёт. Кокус балыкчы торун жоготуп койсо, ал балыктар менен кошо көлдө калкып жүрө берет. Мындай көрүнүш көлдү абдан булгап, зыян алып келүүдө. Бул өтө ойлоно турган чоң маселе.

Көлдө балык фабрикалары жок

– Илгери көлдүн тегерегинде үч балык заводу иштечү эле. Заводдо икралары алынып, кайра коё берилчү. Консервалар даярдалчу. Азыр бул ишти жолго коюп, экспортко жөнөтүп, экономикабызды өстүрүүгө болуп көрбөгөндөй киреше тапсак болот. Менин шефим Ленинградга барып, «Иссыкульский чубачок» деген ышталган балыктарды алып келген. Союз убагында баардык 15 республикадагы чоң шаарларды өз карамагына алчу. Биздин карамагыбызда Ленинград шаары эле. 70-жылдары, биздин бала кезибизде бул жерде үч бригада турчу. Бир чака балыкты сузуп берип бир сомдон сатышчу. Көлдөн балык кармоого мораторий киргизиш керек. Мораторий кирди, бирок баягы эле жемкорлук кулачын жайган. Балыкчыны кармашат, 20 миң сом айып салышат. Тиги айла жок 10 миң же 5 миң сом берет. Болбосо тигил кайыгын да алып коёт.

Экоинспекциянын кызматкерлеринин баары жемкорлор

– Канча инспекторлорду, экоинспекциянын адамдарын көрдүм, келишет да акчаны чогултуп алып кайра кетишет. Аябай көп экологиялык тармактардан келишет. Текшерүүчүлөр 5-6 структуранын адамдары. Аппараттары заманбап. Бирок, эч кандай жыйынтык жок. Союз убагында эки орус инспектор эле Жети-Өгүз районун карап койчу. Түндөп рейдке чыгып, балыкчылардын жүрөгүнүн үшүн алчу. Азыр текшерүүчүлөр жер жайнайт, бирок өздөрүнүн гана кулкундарын ойлошот. Биздин адамдык аң-сезимибиз аябай начарлады. Балык жоголсо көлүбүз сасыган бир оору таратуучу булакка айланат. Муну коррупция менен күрөшүүгө белсенген президентибиз өз карамагына алып көзөмөлдөбөсө, жакынкы жылдары көлүбүздөн айрылып калышыбыз толук ыктымал.

Жамиля Нурманбетова

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: