Menu

Алтыбай Назаркулов, профессор: Чыңгыз Айтматов жарым жыл акчасы жок кыйналып, бизден карыз сурап жүрдү, жарым жылдан кийин Сталиндик стипендияга жетти…”

Бөлүшүү:

Чынгыз Айтматовдун курсташы, студенттик досу, азыр айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Алтыбай Назаркулов менен болгон маек:

– Алтыбай ага, студент кезде Чыңгыз Айтматов менен окууга бирге тапшырып, бирге окуп, бир бөлмөдө жашаган экенсиз. Таанышкан күнүңүз эсиңиздеби?

– Чыңгыз экөөбүз 1948-жылдын август айынын аягында Айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетинин кабыл алуу комиссиясында жолуктук. Комиссия мүчөлөрү: “Жатаканада орун аз, шаарда туугандарыңар болсо, ошолордукунда жатып окуй аласыңарбы?” – дешти. Чыңгыз – Таластан, мен – Токтогулдан келгенибизди, шаарда жашай турган деле үйүбүз жок экенин айтсак, колубузга жолдомо берип, студенттик жатаканага жөнөтүштү.

– Келечектин генийи менен баратканыңызды анда кайдан билмек элеңиз?

– Анан эмне… Ошентип, жатаканага келсек, комендант биздин жата турган бөлмөбүздү көрсөтүп, колубузга бирден жаздык кап, эскилиги жеткен эки шейшеп, бир одеал, матрастын кабын берип: “Талаада саман бар, кабыңарды толтуруп келип, ошонун үстүнө жатасыңар”, – деди. Баса, темир керебеттин ортосу ачык, сырткы корпусу эле бар экен. Аны толтуруш үчүн талаадан темир-тесек, тактай, фанер чогултуп келип, камылгабызды көрүп алдык.

– Кирүү экзамени деген жок беле?

– Ошол, кирүү экзаменге чейин абитуриент болуп келип, жатакана алып жатпайбызбы. Анан жатып алып даярдандык да. Ошентип, экөөбүз тең сынактарды жакшы тапшырып, студент болуп калдык.

– Айтматовдун башка студенттерден кандай өзгөчөлүктөрү бар эле?

– Жакшы окучу. Биринчи жарым жылдыкта акчасы жок, балдардан карызга сурап кыйналып жүрдү. Экинчи жарым жылдыкта экзамендерди жалаң “бешке” тапшырып, Сталиндик стипендия менен окуп, биз кайра Чыңгыздан карызга акча сурап калганбыз.

– Стипендия канча сом эле?

– Он алты сом болчу. Атайын студенттер үчүн даярдалган ашканада 15 тыйынга тоюп алчубуз.

– Ошондо эле чыгармачылыкка шыктуу экени байкалчу беле?

– Орус элинин классикалык чыгармаларын көп окучу. Кийин, 1953-жылы окуубузду бүткөндө бөлүштүрүү комиссиясы Чыңгызды Кыргызстандын Мал чарбасы боюнча илимий институтуна илимий кызматкер, мени Айыл чарба министрлигинин башкы зоотехниги кылып жиберишти. Кийинчерээк Чыңгыз журналисттердин бир жылдык курсун бүтүрүп келип, жаза баштады. Азыр үйдө курсташымдын ар бир китеби бар…

Жыпар Исабаева

Булак:  «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: