Menu

Август айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстандын темир жолчуларынын күнү!

Бөлүшүү:

1-августтан баштап “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында майрамдык иш-чаралар башталат, – деп маалымдады ишкананын басма сөз кызматы.

Ар бир филиалда салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп, администрациянын атынан куттуктоолор айтылат. Ал эми 3-август күнү Пишпектеги “Темир жолчулар клубунда” салтанаттуу жыйын болуп, расмий сыйлыктар тапшырылат. Ага Кыргыз өкмөтүнөн, КРнын жолдор министрлигинен расмий өкүлдөр катышат.

Быйыл эмгеги сиңген темир жолчуларга “Кыргыз темир жолунун Ардак грамотасы”, “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери”, “Кыргыз темир жолундагы кынтыксыз эмгеги үчүн” I баскычтагы төш белгиси, жана “Кыргыз темир жолундагы эң мыкты жаш кызматкер” наамдары ыйгарылат.

5-август күнү “Пишпек эс алуу багында” майрамдык маданий иш-чаралар ал эми “Локомотив” спорт комплексинде спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Расмий жыйындын башталышы: 3-август, саат: 10-00

(Темир жолчулар клубу – Пишпек шаарчасы)

5-август, саат: 9-00 – Маданий иш-чара жана спорттук мелдештер

(Пишпек эс алуу багы, “Локомотив” спорт комплекси)

Дареги:  Лев Толстой көчөсү, Пишпек шаарчасы

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: