Menu

Өзбекстанда цирк маймылын жырткычтар жеп салышты

Бөлүшүү:

16-июлда «Өзбек мамлекеттик циркинде» тордон качып кеткен маймыл өлдү. Кызматкерлердин айтымдарында, маймылды аны менен бир бөлмөдө кармалган эки жолборс жана бир арстан жеп салган.

Цирк кызматкери Азамат Хусинов белгилегендей, эреже боюнча цирктеги жаныбарлар өз-өзүнчө бөлмөлөрдө кармалышы керек болчу. Бирок быйыл январда мекеменин жаңы директору маймылга бөлүнгөн бөлмөнү тартып алган.

– Кышында маймыл бир нече күн муздак гаражда жашаган, андан кийин ветеринарлардын бөлмөсүндө кармалды. Ал суукка туруштук бере албай турганын айтып, мындай шарттарда өлүп каларын көп жолу айттык. Бирок жетекчилик маймылга өзүнчө бөлмө берген жок. Акыры ал эки жолборс жана бир арстан кармалган бөлмөгө жайгаштырылган, – деди Хусинов.

Цирк директорунун милдетин аткаруучу Рустам Мажидов «кандын даамын татып калган жырткычтар» эми Ташкент зоопаркына жөнөтүлө турганын айтты. Бирок Азамат Хусинов жолборстор менен арстанды зоопаркка берүүгө себеп жок экенин, жырткычтар буга чейин деле коёндун эти менен тамактанып жүргөнүн билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: