Menu

Трамп Иран президенти менен жолугушууга даяр

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Иран президенти Хасан Роухани менен “алдын ала  шартсыз” эле жолугууга даяр экенин билдирди.

Трамп 30-июлда Италия премьер-министри менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйыны учурунда: “Мен ким менен болсо да жолугуша алам жана жолугушуу болоруна ишенем”, деди.

Кошмо Штаттардын лидери бул жолугушуу Америка жана Иран эле эмес бүтүндөй дүйнө үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.

Иран лидерлери Трамптын сунушун дароо четке кагышкан жок.

Вашингтон Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон 2015-жылдагы өзөктүк келишимден быйыл май айында чыгып кеткен. Ал келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын ооздуктап, ал үчүн эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдетмей болгон.

Бирок Трамп 24-июлда АКШ ал макулдашуунун ордун баса турган “чыныгы келишимди иштеп чыгууга даяр экенин” ишара кылган. Роуханинин ага кеңешчиси Хамид Оналеби 31-июлда сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн Кошмо Штаттар 2015-жылдагы келишимге кайтып келиши керектигин билдирди.

Тараптар бири-бирин катуу опузалап жатканына карабай, соңку апталарда Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштап келет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: