Menu

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Кредиттик макулдашуу жана “Чыгышэлектр” ачык акционердик коому менен ЕРӨБ ортосундагы гранттык макулдашуу ратификацияланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «2017-жылдын 7 декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну („Чыгышэлектр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, „Чыгышэлектр“ ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен „Чыгышэлектр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

«Чыгыш электр» ААКсы бөлүштүрүүдө 20% чейин жеткен өтө көп жоготууларды кошкондо төмөн эксплуатациялык мүнөздөмөгө ээ, ошондой эле эски жабдуунун иштөөсүнүн техникалык мөөнөтү аяктагандан кийин да иштешине байланыштуу үзгүлтүктөр көп. Аба чубалгыларынын көбү 1960-1970-жылдары аз чыңалууга ылайыкталып курулуп, учурдун талаптарына жооп бербейт.

Ошол себептен 2017-жылдын 7 декабрында Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда «Чыгыш электр» ААКсын жаңыртуу долбоору үчүн кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлган.

Макулдашуунун негизинде ЕРӨБ 6 млн. евро каражатын берет. Анын 4 миллиону — кредит, 2 млн. евросу — грант.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын долбоорунун алкагында долбоорду ишке ашырууга жана корпоративдик өнүктүрүү программасын киргизүүгө колдоо көрсөтүү түрүндө 1 млн еврого жакын техникалык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: