Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди жүрөк оорусунан улам Улуттук кардиология борборуна жаткырышты. Жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Өмүрбек Текебаев камакка алынганга чейин эле ооруп жүргөн.
«Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы жакшы эмес. Ал камакка алынганга чейин да ооруканада дарыланып жаткан болчу. Ооруканадан убактылуу чыгып эле Европага учуп, кайтып келгенде камакка алынып калды. Ошондон бери ден соолугуна жакшы кам көрүлбөй жатат. Ал жаткан абакта медициналык кароону жакшы жүргүзүшпөйт. Текебаев азыр Улуттук кардиология борборунда дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө. Текшерүү аягына чыга элек. Бул жерден чыгып, кайра эле абакка кетет. Режим өзгөртүлгөн жок. Биз ага жолугуп чыктык. Үй-бүлө мүчөлөрүн экс-депутатка киргизбей жатышат» деди Токтакунова.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ