Menu

Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Текебаев менен Бабанов биригип кетиши мүмкүн”

Бөлүшүү:

-Өкмөттүн курамы бекибедиби. Акаевдин убагында кеминизм менен таласизм болуп кетти эле, Бакиевдин убагында Бакиевдин жакындары кызматка келген, эми Атамбаев өзүнүн жакын адамдарын, күзөтчүлөрүн, өз ишенимине кирген адамдарды гана кызматка алып келип жатат деген элде нааразычылык сөз бар. Азыр да президент кыргызчылыктан арыла албай жатат деп жатышат. Буга сиздин оюңуз кандай?

— Чынында Акаев өзүнүн лаборанттарын, ассистенттерин, жердештерин алып келген. Бирок ал кишинин мезгилинде азыркычалык болгон эмес. Ал балансты кармап түштүктөн деле балдарды алып келген. Ал эми Бакиев болсо түштүктөн балдарды алып келип бийлик бутактарына койгону чын болчу. Бирок ошол эле кезде Нарындан да көп министрлерди алып келген. Ал кишинин мезгилинде Нарындан абдан көп бийликке келгендер болгон. Анткен менен ал кишилердин учурунда күчтүү «личносттор» бар болчу. Атамбаевдин мезгилинде баарын эле жердештеринен алып алды дегенден алысмын. Эң жакын, өзүнө берилген адамдарды алып жаткандыгы чындык. Бул жакшы эмес. Маселен, шаар мэри Албек Ибраимовду адис деп айтыш кыйын, жыргатып шаарды оңдойт деп айта албайм. Текебаев 30дан ашык жер участкасы бар экенин ачыктады. Бул деген уят да. Бакиевдин жерлери тууралуу Текебаев документ менен көрсөтүп берди. Аны эми сотко берсин, кимиси чын экенин далилдесин. Атамбаевдин эң чоң катасы Акаев менен Бакиевдин кадрларын эң бийик орундарга коюп алды. Анан кайра аларды сындап жатат.

— Турсунбек байке, сиз оппозиция менен бийликти элдештирүүгө маш элеңиз. Эки тарап менен тең тил табыша кетчү өнөрүңүз күч. Өмүрбек Текебаев менен Алмаз Атамбаевди да элдештирүүгө аракет кылып жүрдүңүз эле, майнап болбодубу?

— Азыр ошонун үстүндө аракет кылып жатам. Бир топ этаптарды баштадык. Мен КДКга төрага болуп шайлангам. Ошол башкармалыктын атынан кайрылууларды жасадык. Атамбаев менен Текебаевге “Эрегиштен эр өлөт”, экөөңдүн бөлүшө турган эч нерсеңер жок. Силер чогуу бийликке келгенсиңер, Кыргызстанда барандуу деген 20 саясатчы болсо ошонун башында турган экөөңөр, бири-бириңерге асылганыңар уят, андан көрө элдешкиле деп кайрылдык. Бул биринчи этабы болуп калды. Экинчиси, «Парк» мейманканасына жакында тегерек үстөл сыяктуу кылып форум уюштурдук. Бийлик менен оппозицияны отургузуп сүйлөшүүгө келтирүүгө аракеттерди көрдүк. Бийликтен Атамбаевди баш кылып, оппозициядан Ө. Текебаевди, А. Бекназаровду кошуп чакырдык. Ошол күнү тилеке каршы бийликтин өкүлдөрү келген жок. Келбегенинин себеби ошол күнү коалиция тарап кетти. Оппозициядан А. Бекназаров, К. Дүйшөбаев жана бир топ оппозицияда жүргөн жаштар келип беришти. Калыс адам катары Медеткан Шеримкуловду чакырдык. Бийликтин өкүлдөрүнөн Мамытов келди эле аны кайра чакыртып кетишти. Мен ушинтип Текебаев менен президентти жараштырып, сүйлөшүүгө алып келе албай жүрсөм Турсунбай Акун жеңе болуп жүрөт деп атышпайбы.

— Текебаевдин президент менен элдешүүгө пикири кандай?

— Бул маселе боюнча Өмүрбек Текебаевге өтө эле эрегишпей кой деп айттым. Ал өзү тийишип атса эмне кылайын деп атат. Бир жагынан Текебаевдики туура да. 31-августта Атамбаев чырдын баарын өзү баштады. Текебаевди “Теке” деди, “Козел” деди, элдин алдында абдан жаман сөздөрдү айтты. Отунбаева, Каптагаевдердин акмагын чыгарып, Отунбаеваны чакырып алып кууп чыкты. Текебаев унчукпай калса керек дедим эле. Бирок анын да өзүнчө чындыгы, күчү бар экен. Күнөөлөп жатса өзүн коргош керек болуп калды да. Бири-биринин кемчилдиктерин ачыкка чыгарышты. Бир чети бул демократиянын белгиси. Эл чындыкты билди. Ушинтип айтышып турса коомчулук тазарып турат. Бирок биздин менталитет башкача, бийликте отурган адамдар бири-бирин чукуса аларды эл жаман көрөт, башы айланып кимисин ээрчишин билбей калат. Булардын баардыгын өтө катуу кетпей өз ара тынч чечип алышса болмок.

 Текебаев элдешүүгө бара тургандайбы?

— Менин оюм боюнча элдешүүгө барбайт. Балдарын сүйлөшүүлөргө жөнөтүшү мүмкүн. Бирок кечирбейт. Анткени элдин көзүнчө анын ар-намысына шек келтирди. Атамбаев элдин астында кечирим сурасын, мен элдешүүгө барам дейт. Бир четинен аныкын туура түшүнүш керек. Элдин көзүнчө абийирин төгүп атса, ага карабай элдешүүгө барып калса, эл Текебаевде деле принцип жок турбайбы деп ойлоп калбайбы.

— Текебаев менен жолугуп сүйлөшүпсүз, Атамбаев менен да сүйлөшө алдыңызбы?

— Улам-улам жолугууга аракет кылып кат жөнөтүп атам. Бирок кабыл ала элек. Биринчилерден болуп кезекте турат дейт. Ал кишинин таптакыр колу бошобой жатыптыр. Анын кишилерине жолукканда Кудай урбадыбы, референдум өткөрөбүз дегениңер туура эмес, 2020-жылга дейре шайлоо кылбаш керек деп айтып жатам. Конституцияны өзгөртөм деп бир балээге кабылбагыла, президент мөөнөтүнөн мурда качып кетип ит болбосун дейм. Мен унчукпай калчу жан эмесмин да. Ушундай коркунучтар да болуп кетиши мүмкүн.

 Текебаевдин таарынычы аны Конституцияны өзгөртүүгө кошпой четтетип койгондо болуп жатпайбы?

— Андай да болушу мүмкүн. Анткени, Кыргызстанда эки ата бар. Мамлекеттин атасы Атамбаев, Конституциянын атасы Текебаев. Экөө тең саясатта жүрөт. Анан Конституциянын атасы болгон адамды четтетип койсо таарынат да. Ал кыйын мезгилде, Ош окуясы болуп саясий туруктуулук жок болуп турган кезде Конституцияны иштеп чыккан. Ошол авторду чакырыш керек эле да. Конституцияны өзгөртүп жаткан Фарид менен Анарбек балээни билет дейсиңби? Алар компьютерде отуруп алып эле билген талканын чалып жатышат. Мен легендарлуу парламенттен баштап Конституциялык кеңешмеге катышып келе жатам. Текебаев 25 жылдан бери мыйзам чыгарып келсе, мен адам укуктарын коргоп күрөшүп келем. Улам эле өзгөртө берген жакшы эмес. Конституциялык кеңешме өткөрөрдө кыйын адамдарды кошуш керек. Калп эле эки адам отуруп алып талкууламыш болуп, телевизордон бере берген туура эмес.

 Экөөсү өткөн жылдагы шайлоо алдында дагы бири-бирине оппозиция болуп чыга келишип, шайлоо бүткөндөн кийин кайра келишип алып жүрүшпөдүбү. Азыр деле элдешип алышып, ортодогу адамдарды уят кылбайбы?

— Ооба, булар элдешип алышы да толук мүмкүн. Азыркы саясатчылардан баарын күтсө болот. Бирок бул жолку тирешүү абдан терең кетип калды. Эми элдешиши өтө оор. Булар эрегишпей токтоп калса жакшы болмок. Азыркыдай бири-бирин чукуй берсе, өздөрүнүн адамдарын чогултуп, эл чайпалып кетип бир нерсе болуп кетиши мүмкүн. Бир жаман жери Атамбаевдин убакыты кыскарып баратат. Саясатта канча жүрөт бир Кудай билет. Текебаевдин болсо депутаттык мандаты кала берет да, барган сайын убакыт Текебаевге иштеп жатат. Шайлоо убагында Текебаевдин рейтинги бир аз түшүп калган эле. Азыр президент менен тирешип рейтингин көтөрүп алды.

 Эки дөөнүн тирешинен кийин коомчулук тынчып калды. Кээде тынчтыктын өзү кооптуу болуп кетет. Учурда ичинен быкшып күйө албай жаткан нерсе от алып кетпейби?

— Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген сөз бар. Азыр биз ооруну жашыргандай эле болуп жатабыз. Саясат ичинен кайнап жатат. Бирок биз кайнаган жок деп, казандын үстүн жыгач менен жаап койгондой түр көрсөтүүдөбүз. Чындыгында казандын ичиндеги нерсе бышып жарылайын деп турат. Азыр оппозициянын абалы начар. Биримдиги жок, күчтүү инсандар кийлигишпей жатышат. Аларда үчүнчү жолу революция болуп кетсе баарын жоготуп алабызбы деген кооптонуу бар.

— Сиз кайсыл тараптасыз? Бирде бийлик тараптан чыга калсаңыз, кирде берки жээкке өтүп каласыз.

— Мени бул бийлик кызматтан эч кандай себепсиз кетирип жиберишти. Бийликке таарынып кек алайын деп жүрсөм деле болмок. Андай болгум келген жок. Ошол үчүн оппозицияга кошулган жокмун. Ошол эле кезде бийликке кошомат кылып кызмат сурабадым. Мен оппозицияда дагы, бийликте дагы эмесмин. Жөн гана ортодо кара кылды как жарган калыс катары өзүмүн пикиримди айтып атам.

 Учурда СДПК партиясы же Атамбаев конституцияны өзгөртүү менен бийлигин сактап калууну көздөп жатат деп айтып атышат. Кыргыз ушундайга жол береби?

— Атамбаевдин бир жакшы жерин айтыш керек. Акаев жылмаңдап таптакыр кетем деп айткан эмес, Бакиев ал тууралуу ооз ачпаган. Атамбаев шайланган күндөн тартып эле убактысын санап кетем деп жүрөт. Премьер да, спикер да болбойм деп ачык айтып жатат. Бул да болсо эрдик. Бирок улам эле кетем деп эле кайталай бергендик өтө майдачылык. Эми анын кетери анык, Конституцияда ошондой жазылган. Бийликтен кеткенден кийин өзүнүн кишисин коюп, дачасында жатып алып башкарайын деген ою да болушу мүмкүн. Ал менден кийинки президент начар иштесе жөн турбайм деп ачык айтып жатпайбы.

 Интернетте бир аналитик «Президентке импичмент жарыялоонун убакыты эбак эле келген» деп жазыптыр. Ажого импичмент жарыялаганга негиз барбы?

— Эч кандай негиз жок. Мамлекетте төңкөрүш кылып жаман иш кылбаса. Ооба, чынында ал киши айрым кемчиликтерди кетирип атат. Бирок Акаев сыяктуу жерлерди сатып жиберген жок да. Жаманбы- жакшыбы иштеп жатат. Эң жаманы, туура эмес ойку-кайкы сүйлөп алууда. Коррупцияга каршы күрөшөм деп ишти баштады эле. Бирок өзүнүн партиясы СДПКдан коррупционерлер чыгып атпайбы. Өзүнүн партиясынан эки депутатка иш козгоп, кайра жогорку кызматтарга отургузуп койгону туура эмес. Эмне үчүн башка партиялардан депутаттарды камайт да, эмне үчүн өзүнүкүн камабайт? Күрөшө турган болсо баарына калыс болуш керек. Шайлоодо өзү жер-жерлерди кыдырып жүрдү. Президент башы менен менин партияма добуш бергиле дегенсип. Ал баардык партияларга бирдей мамиле кылыш керек. Анткени ал мамлекет башчысы.

 Бүгүнкү Жогорку Кеңештин абалы боюнча эмнелерди айта аласыз?

— Кыргызда бир жакшы сөз бар “Артык кылам деп тыртык кылба” деген. Президенттен команда кетпесе, эч ким эч нерсе жасабай олтурушат. Ага акыл айтып, кеңеш бере турган адамы жок болуп жатат. Бир нерсе айтса эле баары макул болуп жатып калып атышат. Көп мамлекеттерде кеңешчилер акыл айтып отурушат. Бизде урматтуу президент бул жерден туура эмес кылдыңыз деп такаат берген кишиси жок. Коалицияны Текебаевден бошош үчүн, аны чыгара албай койгондон кийин таратууга мажбур болду. Текебаев «мен аларды сүзүп чыгарам» деп айткандай эле болду. Ачыгын айтканда Текебаев менен Атамбаевдин кармашында Текебаев жеңди. Текебаевди коалициядан чыгара алышкан жок. Бирок ал СДПКны сүзүп чыгарды. Мына азыр коалициядан өздөрү чыгып кетип эмне болушту? Алар Бабановго барабыз дешкен. Ал болсо акмагын чыгарып, каадаланып кирбей койду. Анткени ал билди, мындай кылсам аброюм көтөрүлөт деп. Мурда 80–90 депутаты бар эле, азыр 68 депутат менен калып кетишти. Ал эми оппозициядагылар 52 депутат, дээрлик теңелип калышты. Бара-бара Текебаев менен Бабанов биригип кетиши мүмкүн. Саясатта ушундай кызыкчылыктар бар.

 Текебаев «Өмүрүмө коркунуч келтириши мүмкүн» деп айтып жүрбөйбү. Бекназаров «Коркпой эле койсо болот, бүгүнкү бийлик андай кадамга бара албайт» деп айтыптыр. Сиз кандай ойлойсуз?

— Менин азыркы бийлик Текебаевди өлтүрүп салат деген сөздөн алысмын, андайга барбайт. Бирок азыр криминалдын элементтери бар, бийлик алар менен да кызматташып жатканын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Бир күнү бирөөсү «тырс» этип койсо ким билет. Азыр далайларды бошотуп, ал жакка, бул жакка ташып атышат, далайлар чыгып кетти. Батукаевди кызыл килемдин үстү менен узатып жиберди дагы мени курмандыкка чалды. Күчтүү адам болгон экенмин жалгыз чыгарып жибериптирмин. Анан ошондой криминалдарга шарт түзүп берип, кызматташып жаткандан кийин баарын күтсө болот булардан.

— Бирок сиз так айтпай жатпайсызбы кимдин буйругу менен Батукаевдин чыгып кеткенин?

— Батукаевди мамлекеттин эң жогорку адамдары өздөрү чыгарбаса эч ким чыгара алмак эмес. Сөзсүз түрдө эле Атамбаев деп айтыш керек эмес да. Өлө турган диагнозду чыгарганда деле акыйкатчы аны өлкөдөн чыгарганга күчү жетпейт.

— Атамбаевдин мөөнөтү аяктап бараткан соң, кийинки президент ким болот деген маселе кызуу жүрүп атат. Сиз кимди мураскер катары көрүп жатасыз?

— Президент айтып атпайбы мураскер калтырбайм деп. Бирок өзү бир адамды тандап акырын көрсөтүшү турган кеп. Бирок мунун баарын азыр айтыш эрте. Мына АКШдагы шайлоодо Хиллари Клинтон жеңет, Трампты клоун деп атты эле, клоун акмагын чыгарбадыбы. Ошол сыяктуу эле ушул президенттикке барат дегендин баары эле шайланып калышы мүмкүн эмес. Бул жолку шайлоодо өтө кыйын кырчылдаш болот. Президент ошого чейин турабы, турбайбы бул биринчи маселе. Бирок президенттин айланасында кийинки шайлоого чыга турган татыктуу инсанды көрө алган жокмун.

— Бир интервьюңузда Атамбаев менен Текебаев тытышып жүрүп жок болот деген экенсиз. Булардын саясий карьерасына чекит коё турган мезгил келдиби?

— Бул экөө тең бири-бирин жеңе албайт. Бирөөсү тажрыйбасы мол саясатчы, бирөөсү президент. Текебаев сүйлөгөндө 120 депутаттын ооздору ачылып, ошол кишини ээрчип калышат экен деп аппараттагы адамдар менен сүйлөшкөнүмдө айтып жатпайбы. Текебаевде трибуна бар, Атамбаев бир жолу чыгып сүйлөп койду эле, Текебаев жүз жолу сүйлөп акмагын чыгарбадыбы.

 Элди көп аралап жүрөсүз, эл кимди көп мактап атышат?

Ушул президенттикке барат, шайланып калышы мүмкүн дегендердин ичинен суурулуп чыгышы кыйын. Койчу ал шайланмак беле деген адам президент болуп шайланып кетиши мүмкүн. Дональд Трамптын практикасы ошону көрсөттү. Сариев, Бабанов жана башкалар болушу мүмкүн деп атышпайбы. Алардын бири да болбойт деген оюм бар. Элдин арасынан бирөө суурулуп чыгат.

— Баткенден жаңы эле келдиңиз, ал жакта кандай жаңылыктар бар экен?

— Ал жакта оппозиция жок экен. Бүт бийликтин телеканалдары иштеп атыптыр. КТР, ЭлТР гүлдөп атыптыр ал жакта. Ал жакта Сентябрь, 7-канал деген жок экен. Эл көр оокаттан бошобойт. Жада калса депутат жердештерин деле билишпейт. Икрам Илмияновду билбегендер бар болуп чыкты. Бирок Текебаев менен Атамбаевди таанышат экен. Мурда чынында эл арасында Атамбаев тууралуу жакшы ойлор бар эле. Текебаев азыр өзүнө жакшы мүмкүнчүлүк кадыр топтоп алды. Анткени ал 11 депутаты менен президентке каршы чыгып атат. 38 депутаты бар партия эч нерсе кыла албай олтурат. Мындайга дух керек. Бул оңой иш эмес.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: