Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында президенттик шайлоонун үгүт иштери качан башталаарын талкуулады. “Саясий партиялар үгүт кампанияларын шайлоо күнү расмий жарыялангандан тартып, баштаса болот”-деген чечимге келди БШК.
Конституциядагы “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” 23-берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, шайлоо алдындагы үгүт иштери бардык талапкерлердин каттоодон өткөн күнүнөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.
Учурдагы алдын-ала президенттик шайлоого талапкер чыгаруунун камылгасын көргөн айрым партиялардын эрте күндөгү аракети Борбордук шайлоо комиссиясына жакпады. Ошондуктан, аталган мекеме бардык саясий партияларга жана талапкер болчуларга кайрылып, шайлоо мыйзамын бузбай, парламент шайлоо күнүн жарыялаганга чейин “поезддин алдына түшүп чуркоону” токтото турууну өтүндү.
Талапкерлерди каттоо шайлоо убагына төрт ай калганда башталууга тийиш. Азыр күздө болчу президенттик шайлоого талапкер катары аттана турган бир катар саясатчылардын аты-жөнү коомчулукка белгилүү болуп калды. Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жана Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоодо бактыларын сынап көрүү ниеттерин билдиришкен.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ