Menu

Турсунбек Акун: Президентти дагы, өкмөттү дагы колдойлу

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, мына, өкмөттүн иштегенине жүз күн толду. Өкмөттү сындагандар да көбөйүүдө. Сиз бул тууралуу эмне айта аласыз?

– Буга чейин иштеген өкмөт башчылардын баардыгы амбициялуу болуп, дээрлик баардыгы «келечекте президент болом» дегендер болчу. Алардын көбүнүн саясый партиялары, чоң бизнестери бар болгон. Абылгазиевдин мурдагы көп премьерлерден айырмасы – эч жагынан булганбаган таза инсан. Адамгерчилик сапаты жогору. Өз бизнеси же саясый партиясы жок. Ошондуктан ал жеке кызыкчылыгын карабастан өлкө келечеги үчүн күнү-түнү иш үстүндө болуп жатат. Көптөгөн мектептер курулуп, социалдык объекттер салынып, иштер тынбай жүргүзүлүүдө. Өкмөт азыр айыл турмушун көтөрүүгө көп көңүл бурууда. Жолдор оңолуп, суулар чыгарылып, айыл жерлеринде майда ишканалар, кичине заводдор курула баштады. Ошентип айылдыктар иш орду менен камсыз болушат. Ипотекалык курулуш үчүн акча булактары табылып, каражат бөлүндү. Кыскасы, аз убакыттын ичинде көп иштер жасалды. Бирок, бул өкмөттүн энчисине өтө чоң бүтпөгөн долбоорлор, Кумтөр жана ТЭЦ сыяктуу чечилбеген талаштуу маселелер, альтернативдуу түндүк-түштүк жолу, «Датка-Кемин» сыяктуу чырдуу объекттер, миллиондорду сугунгандар менен соттошуу сыяктуу өтө оор «мурастар» калганын эске салып өтөлү. Ошондуктан бул маселелерди чечүү үчүн 100 күн жетишсиз убакыт. Эң негизгиси, бул премьер таза иштеп, буга чейинки чачылганды жыйнап, бүлүнгөндү чогулта баштады. Баарыбыз өкмөттү бир жактуу сындоодон мурун жапатырмак жардам бергенибиз оң.

– Президент Жээнбеков демилгелеген ротация маселесине кандай карайсыз? Ротацияга шылтоолоп бийлик өзүнө жакпаган кадрларды куугунтуктоо аракети эмеспи?

– Президент ротация ишин эң туура жана убагында демилгеледи. Туура жасалган ротация оң натыйжасын дайыма берип келген. Мисалы, союз убагында Султан Ибраимов Ошто он жыл жетекчи болуп иштеп, Ош облусунун экономикасын көтөрүп, премьерликке чейин жетти.  Айтылуу Матен Сыдыков көп жыл Нарын облусун башкарып, тоолуу облусттун экономикасын болуп көрбөгөндөй көтөрүүгө жетишкен. Нарын шаарында ал жетекчи куруп кеткен үйлөр «Московский» деген ат менен ушул убакка чейин карапайым адамдарга кызмат кылууда. Абсамат Масалиев Ысык-Көлгө жетекчи болуп иштеп, Көл жергесинде оозго аларлык иштерди жасап кетти. Кийин эле эгемендүү мамлекет учурунда Накен Касиев Ошту, Эмил Узакбаев Нарынды башкарып, үзүрлүү иштеп беришти. Ошондуктан президенттин бул демилгесин баарыбыз колдошубуз керек. Мына, бийлик сөздөн ишке өтүп, Ыссык-Көл облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаевди Ош облусунун жетекчиси кылып бекитип, жаңы бийликтин жаңы ротациясы башталды. Ротациянын дагы бир артыкчылыгы – жердешчиликке жана уруучулукка артыкчылык берилбей, жетекчинин таза иштөөсүнө жол ачылат. Мындан тышкары, ротация жолу кеңири кулач алган түндүк-түштүк проблемасын жумшартып, региондук бөлүнүү маселесин токтотконго жардам берет.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: