Menu

Өзбекстан $50 млн инвестиция салгысы келген мурдагы жаранын өлкөгө киргизген жок

Бөлүшүү:

Өзбекстанда туулуп-өсүп, кийин АКШнын жарандыгын алган Бабур Хасан мурдагы мекенине киргизилген жок. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Бабур Хасандын айтымында, 3-августта ал АКШдан Ташкентке учуп келген. Бирок өзбек чек арачылары аны өлкөгө киргизүүдөн баш тартышкан.

Хасан Өзбекстандын экономикасына 50 миллион долларга жакын инвестиция салууну пландап жатканын билдирүүдө.

Анын айтымында, өзбек бийлиги анын долбоорлоруна кызыкканы менен, 7-8 айдан бери виза берүүдөн баш тартып келген.

Фейсбук баракчасына видеокайрылуу жайгаштырган Өзбекстандын мурдагы жараны эми долбоорлорун Казакстанда ишке ашырууга ниеттенип жатканын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: