Учурда Темир Сариев саясый кырдаалга анализ жасап, эч бир күчтөргө кошулбай, ошого катар башкалардай болуп кызмат да сурабаганы, калыс катары четтеп турганына күбө болуудабыз. Бирок, мындай позиция көпкө узабайт экен. Азырынча тиешелүү деңгээлде консультацияларды өткөрүп атыптыр. Сентябрь айынын аягы менен коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүп, бийликке олуттуу суроолорду коё турганын эшиттик. Эчен сыноолордон өткөн, эки революцияга тең үлкөн салым кошкон Сариев эгер оппозицияга өтсө, анда үчүнчү революция болуп кетпейби? Бул өңүттө кызыкдар саясатчылар эмитен эле ашыгышып, Темике менен сүйлөшүүлөргө барууга кызыкдар болуп атышканы ыраспы?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ