Menu

Тажикстанда эми балдар үйлөрүнө социалдык жетимдер кабыл алынбайт

Бөлүшүү:

Тажикстандын Билим берүү министрлигинин чечиминин негизинде, быйыл июлдан тарта өлкөдөгү балдар үйлөрүндө жетимдер гана калышы керек. Бул тууралуу Хатлон облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлү Сафар Давлат билдирди.

Анын айтымында, балдар үйлөрүнө кабыл алына тургандарда чынында эле толук же ата-энесинин бирөөсүнүн камкордугусуз калгандыгы тууралуу соттун чечими болушу керек.

Сафар Давлат белгилегендей, мындай чечим акыркы кездери ата-энелердин көбү балдарын өз алдынча тарбиялоону каалабай, жүктү мамлекетке оодарып жаткандыктан улам кабыл алынган.

Хатлон облусундагы жетим балдар үйүнүн директору Ражаб Шокиров андагы 254 баланын 113ү өз үйлөрүнө же туугандарыныкына кетиши керектигин билдирди. «Айрымдары жакшы шарттарда жашашат. Ата-энеси ажырашып кеткендер алимент, жөлөк пул алып турушат», — деди ал.

Бул жаңылык балдарын жалгыз тарбиялап жаткан энелер үчүн күтүүсүз болду. Жергиликтүү тургундардын бири мурдагы күйөөсү Орусияга иштегени кеткенин, андан алимент албай турганын айтууда. «Мен кызымды интернатка айласыздан бергем. Мен анын курсагын тойгузуп, билим бере албайт болчумун. Эгер аны үйгө алып кет десе эмне кылам билбейм», — деди ал.

Тажикстанда жалпысынан 77 балдар үйлөрү бар, анда 46 миң бала тарбияланат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: