Menu

Кан басымдын көтөрүлүшүн кантип калыбына келтирсе болот

Бөлүшүү:

Маектешим 1994-жылдан бери ушул кесипти аркалайт. Азыркы учурда жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу институтунун жүрөк капкак кемтик жана кан тамырлар бөлүмүнүн кардиолог дарыгери. Медицина илиминин кандидаты, саламаттык сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач. «Кан басымым жогору» деген бейтаптар үчүн баалуу кеңешин айта отурду.

– Рахат айым, барган сайын кан басымы барлар көбөйүп аткансыйт…

– Биздин республикада эң эле кеңири тараган оору – бул артериаддык гипертония, жалпак тил менен айтканда, кан басымдын жогорулашы болуп эсептелет. Калкыбыздын 30-40%ы ушул оору менен жабыр тартып, каза болгондордун саны жылдан жылга өсүүдө. Кан басымы жогору бейтаптар өмүр бою врачтын көзөмөлүндө болуусу шарт экенин унутуп коюп атабыз.

– Кан басымы бар экенин кандайча билсе болот? Сырткы белгилери барбы?

– Кан басымдын жогорулашын анын даражасын биз тонометр аппараты менен өлчөп билип алабыз. Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча артериалдык гипертония илдети калктын 30-40%ында кездешет. Ошондой эле жашы улгайган, 50-60 жаштан жогору адамдардын ар бир экинчи же үчүнчүсүндө болот. Статистикалык маалымат боюнча адам баласынын ден соолугу 50%дан ашыгы анын жашоо образына, 20-25%ы айлана-чөйрөнүн таасирине, 10-15%ы тукум куучулук факторуна жана эң кейиштүү болгон 8-10%дан ашыгы саламаттык сактоо абалына байланыштуу экенин айтып коюшубуз парз. Алсак, Кыргызстанда медициналык жактан көптөгөн кемчиликтер бар экенин кайда жашырабыз? Ириде адам баласы өзүнүн ден соолугуна өзү себепкер. Дарыгерлерге өз убагында кайрылып, тиешелүү кеп-кеңешти угуп, болду-болбоду дегенде жылына бир жолу кан басымын өлчөтүп, өпкө-жүрөктү тыңшатып, бөйрөк-боорду УЗИден текшертсе, ар кыл оорулардын алдын алган болот эле. Бизде баары эле жипке тизгендей эмес. Кыргыздар ооруп, төшөктөн турбай калганда же такыр эле чыдатпай калганда доктурга келишет. Ал эми сырткы белгилери катары терчил, бир аз катуу басып койсо күйүгүп, көк желкенин тырышып калганы, эриндердин көгөрүп кетиши ж.б.

– Кан басымдын жогорулашы башка илдетгерди да жаратабы?

– Туура айтасыз. Биринчи кезекте эле жүрөк оорусу болгон инфаркт жана инсульт оорулары. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) сурамжылоо жүргүзүүсү боюнча жылына дүйнө жүзү боюнча 7 миллионго жакын адам каза болорун айтып чыгышкан. Бул сандар жыл сайын өсүп атканы байкалууда.

– Илдеттен сактанып, же табигый жолу менен арылса болобу?

– Анын эки жолу бар. Биринчиси, жашоо образды өзгөртүү. Мындайча айтканда, өзүн-өзү тарбиялоо. Кан басымы бар адамдын салмагы ашыкча болсо, анда арыкташ керек. Тамакты жөндөп ичүү, диетага өтүү. Демек, майлуу, туздуу, ачуу, спирт ичимдиктерин кыскартып, тамеки тартып жүргөн болсо, сөзсүз таштап салуусу абзел. Жеңил тамактар менен азыктанып, рационго витаминдүү жашылча-жемиштерге басым кылса сонун болот. Экинчиси, дене тарбия. Дене жибитүүчү көнүгүүлөрүн жасап, велосипед тээп, сууда сүзүп, жөн гана жөө басуу жолдору бар. Бир сөз менен айтканда, денеге кыймыл аракеттерди күчөтүүсү керек.

– Азыр жай мезгили, күн ысыкта кан басымы жогору адамдар кантет?

– Ысыкка көп чыгыштын кереги жок. Дары-дармегин калтырбай ичип турсун. Жанында ар дайым кан басымын өлчөөчү аппараты, канды суюлтуп туруучу дары-дармеги да өзү менен бирге болуусу кажет.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: