Жайкы эмгек өргүүсүнөн, Каспий деңизинин жээгиндеги “Аваз” курортунан кайткан түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов 7-августта Өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин кошмо жыйынын өткөрдү. Бул тууралу “Түркмөнстан алтын кылым” маалымат агенттиги билдирди.
Жыйынга президент Бердымухамедов биринчи жолу ак аралаган чачы менен келди. Ага чейин ал 2006-жылы президент болгондон бери капкара түстүү чачы менен жүрчү. Көпчүлүк аны чачын тез-тез боётуп турат деп ишендиришчү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ