Menu

Алматыда соодагерлер кайрадан базарды жаппай турууну талап кылышууда

Бөлүшүү:

Алматыда мурдагы «Саяхат» автобекетинин ордунда жайгашкан базардын соодагерлери соода жайларынын жабылышына каршылык билдиришүүдө. Алар ал жерде жыл соңуна чейин иштөөгө уруксат берүүн ү талап кылып, насыялары бар экенин жана жаңы соода жайларын табуу өтө оор болуп жатканын айтышууда.

Чогулган ондогон адам өткөн айда жеке курулуш компаниясынын өкүлүнөн соода жайларын бошотуу талабы жазылган жазуу түрүндөгү эскертүү алышканын билдиришүүдө. Айрымдарынын айтымдарында, алар бийликтен эч кандай расмий билдирүү алышкан эмес.

«Саяхат-Инвест» деген жеке компаниянын өкүлү соода жайлары жайгашкан аянт алардын менчигинде экенин жана ал жерге бир катар жаңы объектилер курула турганын билдирди. Өткөн жумада Алматы акимчилигинин телеканалы «Саяхат» автобекетинин бузулган имаратынын ордунда жаңы курулуштар пайда боло турганын кабарлаган.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча аянт бийлик тарабынан соода кылууга 2009-жылы, анда жайгашкан автобекеттин имараты бузулгандан кийин берген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: