Menu

“Lets go” ишканасы шылуундук менен шугулданабы?

Бөлүшүү:

Ооба, жарнама азыркы жашоонун башкы киреше булагына айланууда. Ааламдын баардык жеринде «Баланча сатып ал да, мындай нерсе утуп ал!» деген жарнама жер жайнайт.

Мындайдан биз да куру эмеспиз. Маселен, «Lets go» аталышындагы муздак чай чыгарган ишкерлер быйылкы жылы, велосипед баш болгон бир топ кызыктыруучу сыйлыктарды байгеге коюп жарнама кылышты. Сыйлыктары 5-10 даана эмес, жүздөп, миңдеп саналат. Бирок, «Ошо миңдеген сыйлыкты кимдер утту?» деген суроого ошолор өздөрү жооп таба алышпайт. Себеби, ал миңдеген сыйлыктар жөн гана сөз боюнча, бул элди кызыктыруу үчүн гана айтылган ураан-сөрөөн. Элди мындай жеңил шылуундук менен азгырып, капчыктарын кампайткысы келген «Lets go» өңдөнгөн ишканаларды көзөмөлгө алып, канча байге коюлганын, канчасын кимдер утканын тактап, аларды тескөөчү бирөө-жарым барбы? Же бизде баары боло береби? Эгер аталган байгелер ээлерине берилбесе жана алар куру гана азыгырыктар болсо анда мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек го акыры. Болбосо майда нерседен башталган балээлер баардык тармактын башын чаңыткан «ириң» болуп чыга келчү эле.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: