Талиптер Ооганстандын «Ойхоним» уездин басып алгандан кийин Тажикстандын түштүгүндөгү «Кокул» көзөмөл-өткөрмө бекети убактылуу ишин токтотту.
«Талибан» кыймылынын жоочулары Ойхоним уездин жана ошондой эле аталыштагы көзөмөл-өткөрмө бекетти ээлеп алганын Ооганстандын Тахор провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Халил Асир «Озоди» радиосуна билдирди.
Анын айтымында, Ойхоним уезди үчүн болгон кагылышта 13 чек ара кызматкери мерт болуп, жетөөсү жаракат алган.
«Талиптер көзөмөл-өткөрмө бекетти жана бажы жабдууларын басып алышты. Учурда Тахор жана Кундуз провинцияларындагы өкмөттүк күчтөр ал аймакта биргелешип атайын операция өткөрүүгө дарданып жатышат», — деди Халил Асир.
Тажикстандын Чек ара кызматы тажик-ооган чек арасындагы абал боюнча бардык маалыматтарга ээ экенин билдирди. Мекемеден кабарлашкандай, аталган аймакта мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттери болгон жок.
Ал ортодо «Озоди” радиосунун Куляб аймагындагы өз булактары талиптер «Ойхоним» өткөрмө бекетине өз желегин илип коюшканын ырасташты.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ