Menu

Туратбек Мадылбеков, коомдук ишмер: “Атамбаев нысапсыз жегич, Бакиев биякта калат…”

Бөлүшүү:

Бакиевдик бийликке каршы катуу күрөшкөн, бийлик алмашкандан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон белгилүү коомдук ишмер Туратбек Мадылбековго жолугуп калып, кенен ой пикир бөлүштүк.

– Атамбаевиңер аябай жегени билинип ит болуп атат го, – дегенге Туке шалдайып жооп узатты:

– Ооба. Атамбаевдин мындай нысапсыз жегич экенин ким билиптир.

– Сиздер Атамбаевди бийликке алып келиш үчүн жан аябай күрөшкөнсүздөр да.

– Ооба. Анда Атамбаев: “Чындыкты орнотом. Таза иштейм!” десе ишенгенбиз да.

– Мына эми көрүп атасыз, Бакиев биякта калды го.

– Айтпа. Бакиевди мамлекетти жеген деген олуттуу доомат жок. Максимди күнөөлөйбүз. Эми салыштырсам Атамбаевдин тескери иштери Бакиевдерден бир топ өтүп кетти.

– Сизди “мародер”дешет го.

– Мародер деп өлгөн адамдын дүнүйөсүн тартып алганды айтат. Бул биринчиден. Экинчиден, мага эч ким эч кандай байлыкты тартып алганымды далилдеген эмес.

– Сиз Бишкек милициясын башкардыңыз. Канча кишини жумушка орноштуруп, канча байлыкты кайтардыңыз. Жедиңиз да деги эле?

– Мен жүздөн ашык балага буйрук чыгаргам кызматка. Бирөөнөн да пара алган эмесмин. Мурдагы бийликтин калган байлыктарына тиешем жок. Муну мезгил аныктайт.

– Сиздерди мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ачык айыптап чыкты го.

– Зарылбек менен түз эфирде жекеме-жеке пикир алышууга даярмын.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: