Menu

Улуттук китепкананын Корей борборуна элчи Ха Тэ Ёк келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14 – августта Алыкул Осмонов атындагы  Кыргыз  Республикасынын  улуттук  китепканасынын  Корей борборунда жолугушуу болду. Анда  улуттук  китепкананын  директору, профессор  Жылдыз  Бакашова  Корея  Республикасынын  Кыргызстандагы  элчиси  Ха  Тэ  Ёкту  аталган  борбордун  иши  менен  тааныштырып,  Улуттук  китепканада  жүргүзүлгөн  көп  кырдуу  иштер, өткөрүлгөн иш-чаралар туурасында айтып берди. Ал Корея борбору 2013-жылы түзүлгөндүгүнө, андагы корей жазуучуларынын китептеринен окурмандар пайдаланып жаткандыгына,мында маал-маалы менен көргөзмөлөр,  жолугушуулар,белгүлүү күндөргө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп турарына токтолду.Ошондой эле,китеп окурмандарынын кызыгуусун арттырган жакшы көрүнүш-борбордо жаңы үйрөнүүчүлөргө жана улантып жаткандарга корей тили окутулат.Корей тилин билүүгө  кызыккандардын  саны улам  көбөйүүдө.

Кореянын  элчиси  Ха Тэ Ёк  Улуттук  китепканада мурда 2013-жылы  Корей  борбору  ачылганда  келгенин,  бул анын экинчи  жолу  келиши экенин, кең-кесири жолугушууга ыраазы болгонун  билдирди. Борборду Корей  жазуучуларынын  жаңы чыгармалары, жаңы китептер менен толуктоого  элчилик  көңүл бура тургандыгына токтолду.

Улуттук  китепкананын  директору Ж.Бакашова Корей борборунун ишин жаңы мазмун менен толуктоо боюнча  аткарылып жаткан  чаралар  элчиликтин  колдоосу жана аракети менен мындан да үзүрлүү болоруна ишенич билдирди.

Китепкананын  кызматкерлеринин  катышуусунда өткөн жолугушууда  Жылдыз   Бакашова  келген мейманга – Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёкке  урмат  көрсөтүү  ирээтинде кийинки  басылган  “Манас”, “Семетей”  эпосунан  турган  китепти,  Улуттук  китепкана  даярдап чыгарган  көлөмдүү “Айтматов ааламы” энциклопедиясын  тартуулады.

Улуттук  китепкана  менен  Корея элчилиги мындан ары да биргелешкен ар-кыл  иш-чараларды  өткөрүүнү уланта  беришмекчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: